Кыргыз бийлигинин кээ бир жүрүштөрүн көргөндө тим эле жерге кирип кете жаздайсыӊ! Ошол кылыгы үчүн уялып да, жиниӊ кайнап да турат!

Аз күн мурун Жазаларды аткартуу мекемесинин төрагасы Таалайбек Жапаров баш болгон  лөктөрү Молдовановкадагы диний экстремисттерди кармоочу атайын жайды ачышып, лента кесип жатпайбы… Э шумдугуӊ соолгур, түрмө ачып жатабыз деп да лента кесеби?! Эй, лентаны кесүү деген жакшылык күткөн нерсе. Мисалы, мектептердин, бала бакчалардын, клубдардын лентасын кесип, ал жерге жакшылык болуусун каалайт. Анан түрмөнү ачып атып лента кесүү дегенди кантип түшүнөбүз?! Ошол жердегилер аман-эсен болсун, келечегинен берсин, бала-чака бапырасын… деппи?! Жосунуӊар жолдо калсын!  Чынында Жапаров бул кызматта иштегени өзүн көрсөтө албады. Аты бар болгону менен заты жок окшойт көрүнбөйбү…

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here