Түркиянын Стамбул шаарында 43 киши жашаган 8 кабаттуу үй кулап түштү. Бул тууралуу түркиялык ЖМК жазды.
Окуя болгон жерге көп сандаган полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана медицина кызматкерлери келишти. Маалыматта айтылгандай кырсыктын кесепетинен 2 киши каза болуп, жараланган 7 кишини куткарылган.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча кырсыкка эч кандай жарылуу себеп болгон эмес, турак үй өзү кулап түшкөн.