Өкмөт  башчы Абылгазиев Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялап, анын орун басарлары Азизбек Ороков менен Сүйүнтбек Аликеевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотту. Ал өз сөзүндө:  “Тармактык мамлекеттик орган коррупциянын уюгуна айланды, мында жеке кызыкчылыктар мамлекет кызыкчылыктарынан жогору турат. Мисалы, кен объектилерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткара алган жоксуңар», — деп болушунча буркулдап, ишти жакшыртуу боюнча өзгөчө тапшырма бергендей болду. Эмне өзгөрөт, аны убакыт көрсөтөт.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here