Жогорку Кеңештеги  “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров  буга чейин курч маселелерди көтөрүп, түз жүрүп, түз сүйлөгөнү менен элге алынып, бир топ аброй күтүп калган. Бирок акыркы учурларда байкабай сүйлөп, балчыкты кайра-кайра баса берчү болду. Өткөндө ЖК жыйынына чакырылган жетекчини свитирчен келгенин зекигени үчүн катуу сынга кабылган. Эми болсо,  президент,  премьер-министр жана төраганы мамлекеттик камкордукка алуу,  ошондой эле экс-президент, экс-премьер, экс-спикерлер кызматтан кеткенден кийин да коркпой-үркпөй, жумушун аткарышы үчүн кепилдик берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Албетте, коомчулук мындай мыйзамдарга жаба түкүрөрү бештен белгилүү. Айткандай эле, сындашты, сөгүштү, каргашты. Ошондон кийин Бакиров артка чегинип, ал мыйзам долбоорун алып салды. Мирлан мырзаны, чалды-куйду, сайсый сойку Төрөбаевден салмактуу, акылдуу деп жүрсөк, андан көп деле айырмасы жок окшобойбу. Деги “Өнүгүүдө” камчыга сап болчулар барбы? Масалиев деле мандемдүү, ал эми Жолдошбаевге болсо такыр сөз жок деңизчи…

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here