42 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип, көптөгөн ооруларды, анын ичинен азыркы убакта өтө көп кездешкен нерв оорулары менен жабыркаган миңдеген адамдарды айыктырган  белгилүү   дарыгер-  Темирбек Бекбоев менен нерв оорусу боюнча маектештик. Дарыгер агайыбыз,   нерв ооруларынын түрлөрүн,  анын келип чыгышына  айлана-чөйрөнүн да, жашоо-турмуштун оош-кыйышынын да  таасири бар экендигин баса белгилеп  айтып берди.  

 —Темирбек агай, акыркы жылдары нерв оорусу абдан күч алып кетпедиби. Белгилүү болгондой мурун бул оору менен жашы жогорулап калган адамдар оорушчу эле.  Азыр жаштар да көп жабыркап жатышканы баарыбызга маалым.  Алгач ушул нерв оорусунун келип чыгышы тууралуу айтып берсеңиз?

 —Азыркы кезде нерв ооруларынын ичинен невроз оорусу көп кездешет. Невроз-нервдин чарчашы. Мында нерв функцоналдык жактан жабыркайт. Ал эми нервге суук тийсе, борбордук мээ системасында кан тамырлар жабыркаса,  же нервдин шишиги пайда болсо — органикалык ооруга дуушар болот.    Баардык эле ооргандар сыяктуу нерв да чарчоого жөндөмдүү. Ошондуктан күнүмдүк жашообузда  эс алууга да убакыт бөлүш керек. Башкача айтканда мерчемдүү убакытта иштеп,  талапка ылайык эс алышыбыз абзел.

Азыр маалыматтын заманы болгондуктан өзгөчө жаштар, интернетти күнү –түнү пайдаланып жатышпайбы.  Анын кесепетинен мээге күч келип, нервдин бат чарчоосуна жана мээ жөндөмүнүн начарлашына шарт түзүлөт.  Мындан тышкары аз кыймылдуулук да мээге канчалык бир деңгээлде таасирин тийгизет.

 Нерв ооруларынын үч түрү бар:

Биринчиси:  “неврастениялык невроз-деген  оору.  Мындай ооруга чалдыккан адамдар табиятынан эле чарчоого жөндөмдүү келишип: бат чарчап,  уйкусу качып, кекчил жана ачылуу болуп кетишет. Буларга коомдогу ар кандай кырдаалдар да таасирин тийгизет. Ошондуктан адам өзүнө оорчулук жаратпаган, жөндөмүнө жараша кесиптерди тандап алганы дурус. Себеби бул илдетке кабылгандардын коөбү турмуштун жетишпестигинен  стреске кабылгандар .  Көбүнчө невросистема менен эркектер коп жабыркашат.

Экинчиси:  “истерикалык” деп аталган  невроз оорусу. Бул ооруну  кабыл алган адам: ооруну өзүнө озү жок жерден кабыл алып, ошонун аркасы менен өзүн-өзү коргойт. Мисалга алсак, азаркы коомдо көп кездешип жаткан үй-бүлөлөрдүн бузулушу. Мындай учурда аял киши үй-бүлөөсүн сакташ үчүн жасалма оору жаратат. Ошондуктан муну- «жасалма» оору деп да атап койсок болот.  Мурун көбүнчө бул оору менен жабыркагандардын көзү көрбөй ,кулагы укпай,буту-колу иштебей калчу.  А азыр болсо, жүрөк ооруйт.

Үчүнчүсү:  жабышма невроз оорусу же жабышма ой деп да атасак болот. Жабышма оору-  нерв ооруларынын ичинен көп учурачу илдет болуп саналат. Бул учурда ооруган адамдын эти ысып, колу-буту чымырап, шишип чыгат. Доктурлар да мунун себебин так аныктай албай калышы мүмкүн. Себеби оорулуунун дартын аныктоодо баардык органдары таза чыгып калган учурлар кездешет.Андан кийин адам коркууга дуушар болуп, ооруну өзү ойлоп таап алат же  жүрөк оорусун кабыл алат.

Нерв ооруларынын негизги белгиси кайсы? Дегеле невроз менен ооруган адам, соо адамдан эмнеси менен айырмаланып турат?

 —Невроздун негизги белгилери көңүл чөгүү же мындайча айтканда депрессия. Адамдар менен  пикир алышуу азайганда депресияга кабылышат. Жалгыздык же ишин жүрүшпөй калганына байланыштуу жана ушул сыяктуу белгилердин айынан , жан-дуйнөдөгү кайгы-капанын көбөйүп же бала кездеги  алган трамвалар бул оорунун күчөшүнө өбөлгө болот. Ошондой эле бат чарчап, ишке көңүлү тартпай кыйналат. Мындайда адам жалгыз болууну самап, болбогон нерселер үчүн деле кыжырланып, бат жини келет.

 —Азыркы убакта сизге оорунун кайсы түрү менен көп кайрылышат?

 —Азыркы заманда  көбүнчө адамдар психикалык жактан сокку алып калышат. Ал көбүнчө турмушта кездешкен конфиликтерден же  кокустан келген суук кабардан жаралат. Мындай күтүлбөгүн жерден жаралган көйгөй үчүн адамдын психикасы бузулуп, ооруга чалдыгат. Буга мисалдар арбын. Кээде жакын адамдары каза болсо, же иштен түшүп калган учурда адам катуу  психалык жактан жабыр тартып калат.

 Кайра кайталанбай тургудай кылып, 100 пайызга  айыктырып дарыласа болобу?

 —Албетте, ооруну жүз пайыз даарылап чыкса болот. Анын эң эле жөнөкөй жолу бул- уйку. Терең уктоо аркылууу нерв системаларын акырындык менен калыпка салсак болот. Биздин ойчулдарыбыз жан-дүйнө, ички дүйнө тууралуу көп айтып калышчу. Бул туурасында Фрейд деген окумуштуу: « Акыл-эстин алдында өзүнчө бир туюм бар»-деп белгилеген. Көрсө ичибизде өзүнчө дүйнө жашайт экен. Мына ошол жерге кайгы-капанын баарын жыйып алат экенбиз. Мээни компьютер сыяктууны тазалап, өчурүп койо албайбыз. Ал үчүн атайын тынчтандыруучу сегативдик дарылар берилет жана уйкуну тереңдетебиз.

Илгертеден эле ата-бабалар:  кечки акылдан таӊкы акыл»-деп айтып коюшат эмеспи. Алар ошондо эле нервди дарылоону билген экен. Себеби уктагандан кийин мээ тазаланып, нерв системасы эс алып , чечим чыгарууга  жана күнүмдүк жашоодо коңүлдүү, сергек болууга таасирин тийгизет. Уктаганда мээ чар жайыт ойлорду өз ордуна коёт да, кереги жок ойлордон тазалайт.

Ушул оору менен сиздин жеке клиникаңызга көп кайрылышабы?

— Ооба. Мен ушул боюнча атайын 1983-жылы  Санкт-Петербургда (мурда Ленинград болчу)  Павлова атындагы клиникада жана Бехтеров атындагы  неврологиялык институтта окугам. Ошол жерден неврологиялык ооруларды дарылоону үйрөтөт. Сөз менен түшүндүрүп даарылоонун жолдорун жана жогорку деңгээлде оорулуну кабыл алууну  билиши керек. Себеби оорулу дарыгерге кайрылганда жеңилдеп калуусу абзел. Эгер эч кандай жылышуу байкалбаса, анда ал өзүнүн кесибин мыкты билген дарыгер боло албайт. Дарыгерлерде «ооруну айыктырба, оорулууну айыктыр»- дейт. Анысыңардай адамдын ойу негизги орунда турат. Ошондуктан оорулу кандай оору менен жабыркабасын, аны жеңип кетишине ишендириш керек.

Болжол менен алганда бир айда канча адам келип дарыланат жана канча пайызы ошол оорудан талапка ылайык айыгып чыгат?

 —Эгерде 10-15 киши келсе, нервди тынчтандыруу үчүн алтын ийне сайып, оору жөнүндө маалымат берип, комплекстүү түрдө дарылап чыгабыз. Андан тышкары оорунун кайсы түрү болбосун сөз менен дарыланат.

Чындыгында  дарыгердин  үч эле куралы бар:  бири- жылуу сөз, экинчиси-бычак, үчүнчүсү-дары-дармек. Ошондуктан жогорку деңгээлдеги дарылоодо сөздүн күчү-биринчи болушу абзел.

 Белгилей кетсек, Бекбоевдин жеке медициналык борборунда төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • Тамыр кармап, оорунун диагноздору аныкталат;
  • Алтын ийне сайып, лазер терапиясы, мануалдык терапия жана укалоо жолу менен дарылоо жүргүзүлөт;
  • Ички органдардын сезгенишин, нерв ооруларын;
  • Тери жана аллергия ооруларын;
  • Муун жана омуртка ооруларын;
  • Айыкпаган жарааттарды, жыныстык жана башка илдеттерди кадиксиз айыктырат.
  • Мындан сырткары тиш дарылоонун заманбап түрлөрү колдонулат жана гинекологиялык оорулардын бардык түрлөрүнө дарылоо жүргүзүлөт.

Лиц. МК №030529

Дареги: Бишкек шаары, Астрахань көчөсү, 23, Киркомстром району.
Байланыш телефондору: (0312) 45-01-47, 45-01-75, (0779) 30-47-06

https://www.youtube.com/watch?v=_HrSenj24Fs

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here