Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Ал  2018-жылы милиция кызматкерлерине байланыштуу 67 кылмыш иши козголуп, 80ден ашык адам жоопко тартылганын, 2017-жылы болсо 90 кылмыш иши козголгонун жана жоопко тартылгандар да көп болгонун баса белгилеп, өз ишине канаттанып жатканын айтты. Чынында журналисттерге жыйын өткөргөн президенти деле, өкмөт башчысы деле, министр, депутаты деле мактанып, өздөрү кыйын иштеп жатканын сөз арасында кыйытып кетмейди адатка айлантып алышкан. Кашкар Жунушалиев ушуну менен экинчи ирет министр болуп олтурат. Эмне ишти кыйратты? Алсыз, чечкинсиз, деңгээли төмөнүрөөк экенин эл да, журналисттер да жакшы билет. Андан көрө, ишин жыйыштырып коюп,  кете берсе…

Анын үстүнө министрлик Жунушалиевдин маалымат жыйынына ЖМКлардын баарын чакырырын чакырып алып, 16 журналисттин, (болгондо да өкмөттүк   ЖМКларды угуп), калган 40тан ашуун журналисттин суролоруна жооп бербей, ордунан туруп алып кетип калды. Бул эми кандай алганда да сыйлабастык. Минтип, маалымат жыйын курбай эле, кабинтеинде чай ичип олтура берсе болмок…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here