«Кыргыз Унаа Курулуш» ишканасы Ош шаарына завод курууда.  Заводдун курулушу былтыр май айында  башталган, 2019-жылдын экинчи кварталында толук кандуу иштеп баштайт.

Долбоорго жалпысынан 150 млн доллар инвестиция салуу пландалган. Ал сумманын ичинен 10 млн доллар биринчи этапка каралып, бул каражатка курулуш иштери жана жабдууларды сатып алуу каралган жана төмөндөгүдөй  жабдууларды даярдай алат:

  • ГЭСтер үчүн жабдуулар
  • дизелдик жана бензин генераторлор
  • шамал генераторлору
  • өндүрүш ишканалары үчүн ар түрдүү станоктор
  • электромобилдерди чогултуу
  • ар түрдүү насостор

Заводдо 300 ашык жумуш оруну түзүлүп, Түркиядан, Европадан жана Россиядан адистер чакырылат. Ошондой эле 10 жаш кыргызстандык адистер квалификациясын жогорулатуу үчүн Европага жиберилет.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here