Астанада жеке турак-жайлардын бириндеги өрттөн улам беш бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Ички иштер министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өрт дүйшөмбүгө караган түнү шаардын Шынгыстау көчөсүндөгү үйдө болуп, анын чатыры урап кеткен. Андагы жалын кабар түшкөндөн кийин бир саттын ичинде толук өчүрүлгөн. Алдын-ала берилген маалыматтар боюнча меште күйүп жаткан оттон өрт тутанып, балдар иске ууланып калган.

Өрт өчүрүү кызматкерлери урандылардын арасынан беш  кыз сөөгүн табышты. Алардын эң кичүүсү бир жашта болсо, улуусу 13 жашта болгон. Өрт тутанган учурда балдардын үйдө жалгыз болгону айтылды. Ата-энеси ал учурда жумушка кеткен. Кыздарды жерге берүү зыйнаты  бүгүн 5 -февралда болот. Кыздардын аттары: Альбина, Алина, Элина, Сабина жана Бахыт

Пять маленьких свертков: погибших в страшном пожаре детей хоронят в Астане (фото, видео)

Бул тууралуу брифингде маалымат берип жаткан Астана акимиатынын маалымат катчысы Элвира Жургенбаева көз жашын тыя албай ыйлап жиберди

Учурда кыздарынан ажыраган ата-эне менен психологдор жана социалдык кызматтын адистери иштеп жатат.

Гибель пятерых детей в пожаре в Астане: родственник пытался их спасти

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here