Жаӊы кодекстер боюнча эмне айтасыз? Азыр шашылыш оӊдоп жатышат. Канчалык деӊгээлде талапка ылайык оӊолот деп ойлойсуз?

—Албетте, Жаӊы кодексте оркойгон кемчиликтер бар экени көрүнүп калды.  Бирок жалпысынан алып караганда  — бул сот-укуктук реформанын жүрүшүндөгү бир көрүнүшү катары бааласак болот. Эмнеге дегенде мыйзамдарды өзгөртпөй туруп реформаны жүргүзүү мүмкүн эмес. Чоӊ топ көп убакыттын ичинде жазган мыйзамдардагы алешемдиктерге коомчулук терс баасын берип жатканына да негиздер бар. Маселен, бир катар оор кылмыштарды гумандаштыруу, ошол эле педофилдердин жазасын жеӊилдетүү сыяктуу, же болбосо түкүрүктү алалы. Түкүргөн адамга 5500 сом, ал эми кимдир бирөөнүн жерин басып алсаӊ ага 1000 сом деген жаза элди өзгөчө кыжырдантып койду. Негизинен мыйзам күчүнө кирип иштеп жатканы менен, аны иштете турган адамдардын баары  коомдун реакциясын көрүп деле чочулап турушат. Негизи кээ бир көрүнүштөр  “лоббинин” таасиринде да болуп жатат. Бирок элдин таасиринен улам “лобби” кылгандар да сестенип калды. Биз Жаӊы кодекстерди оӊдоого 1-мартка чейин убакыт бердик. Мен талапка ылайык оӊдоп келишерине ишенем.

—Эми мындай “кашаны чалгандар” жооп береби? Ким жооп берет?

—Мен жыйындарда бул чоӊ маселеге кайдыгер карагандар жооп бериши керек экенин айткам. Керек болсо мыйзамдын бетин ачып карабагандар жооп бериши керек. Бул мыйзамды негизинен укук коргоо органдары колдонушат да. Ошолорду убагында окутуп, тиешелүү иштер жасалышы керек болчу да. Тилекке каршы, андай иштер жасалбай калганы байкалып турат. Негизи аларды бөлүнгөн акчанын эсебинен окутуш керек. Мен бул чоӊ маселеге кайдыгер карагандарга чара көрүлүш керек деген сунуш кылып, токтом киргиздим. Эми ошол биздин  токтомдун аткарылышын тиешелүү комитет көзөмөлдөйт.  1- мартта биз мунун баарын сурайбыз.

—Атамбаев президент болуп турганда Евросоюздан жалпысынан 50 миллион евро алып келип, анын 13 миллион 600 миӊ евросу биздин Кылмыш жаза кодексти гумандаштырууга берилген экен. Муну эми “лобби”, же соодалашуу десек болот да. Атамбаев ошол учурда фракция лидерлери аркылуу Жаӊы кодексти  тез ишке ашырууга аракет кылганы чынбы?

—Мен антип айта албайм. Ачык айтайын. Бул 2013-жылы башталган. Сот-укук маселесин реформа кылууга акча табылгандан кийин жаӊылбасам, 114 адамдан турган чоӊ топ түзүлгөн. Ал топко: Скрипкина, Токтогул Туманов, Курманбек Осмонов, Курмантай Абдиев  сыяктуу  мурунку депутаттар жана башка илимдин докторлору, профессорлор кирген. Бир топ талкуулар жүргөн. Мен ошол учурда фракциянын жетекчиси катары Скрипкинадан да, Тумановдон да сурап, маалымат алып турчумун. Алар жакшы талкуу болуп, талаш-тартыштар, салыштыруулар көп болуп жатканын айтышчу. Кыскасы, ошол учурда кыйла эле талкуу болгон. Бирок кабыл алууга келгенде бир топ өзгөртүүлөргө туш болуп калганы кийин көрүнүп калды да. Жалпысынан алганда  биздин ишенген, кыйын деген аттуу-баштуу илимпоз, эксперттерибиз деле кээде иштин майын чыгарып иштей албайт турбайбы деген да ойду пайда кылып жатат да.

—“Мактаган кыз тойдо осурат”- дегендейби?

—Андай болушу да мүмкүн.

Бул маектин видео-форматын төмөндө көрүӊүздөр:

—Максатсыз пайдаланылды деген 13 миллион 600 миӊ евро боюнча тиешелүү адамдар жоопко тартыларына ишенесизби? Же башкача өӊүт менен кетип “жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы?”

—Албетте, бул маселе боюнча талаптар айтылган, биз эми жообун күтүп жатабыз. Өкмөт башчы жазуу түрүндө бере турганын билдирген. Ал маселе ачыкка чыкпаса, коомчулук да, журналисттер да тынчыбай калды. Ошондуктан баары ачыкка чыгат деп азырынча ишенип турабыз.

—Коррупцияга каршы күрөш купулуңузга толуп жатабы?

—Акыркы жылдары коррупцияны ачык айтып, ачык мактангандар азайып, дээрлик жоголду. Мындайча айтканда, андайлар болсо да беттерине маска кийе башташты. Мурун коррупция менен алек болгондор таасирлүү тааныштарына таянып келсе, азыр андай көрүнүш жокко эсе болуп баратат. Себеби, коррупция менен кармалса жаза катуу болорун түшүнүп калышты. Кыскасы,  коррупцияга каршы күрөш ушундай темп менен кете берсе, жыйынтык жакшы болоруна ишеним бар.

—Аз күн мурун сиз мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин быйыл белгилене турган 100 жылдык мааракесин эске салып, анын ысымын буга чейин айтылган Киев көчөсүнөн тышкары, кичи  мекени Нарын шаарында Ленин деп аталып келген борбордук көчөгө ыйгаруу демилгесин көтөрдүӊүз. Эми бул маселе ишке ашабы? Деги эле айтылуу мамлекеттик ишмердин мааракеси кандай деӊгээлде белгилениши керек?

—Мына өткөн жылы биз кыргыз мамлекетин дүйнөгө тааныткан Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин татыктуу белгиледик. Быйыл болсо кыргыз мамлекетин түптөөгө зор салымын кошкон Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин да талапка ылайык белгилөө маселеси биз үчүн парз. Мамлекет Усубалиевге өзүнүн тоолук баасын берип бүтө элек. Анын жалпы өлкө үчүн жасап кеткен опол тоодой эмгектерин унутпай,  байма-бай эскерип, муундан-муунга даӊазалап турушубуз керек. Мен мамлекеттик ишмердин ысымын көчөгө ыйгаруу маселесин айтып чыккандан кийин, дароо эле кызыктай кырдаал жаралып, айрымдар саясатташтырып жиберишти. Эмне үчүн демократтар коммунисттерге жан тартып жатат дегендер болду. Кандай болгон учурда да мен өз пикиримде кала берем, Усубалиевди дайым эскерип туруу, анын ысымын түбөлүк калтыруу маселеси биз үчүн парз. Кудай буйруса, биз айткан жана башкалар айткан сунуштардын баары чечилет деген ойдомун. Биз Усубалиевдин жасаган эмгегине жараша татыктуу баа берип, татыктуу сыйлай алсак, кийинки муундарга да үлгү көрсөткөн болобуз. Кыскасы, Турдакун Усубалиевдин мааракеси татыктуу белгилениши керек. Мисалы, мамлекеттик атайын комиссия түзүлүп, ал комиссияны жетектеген адам жок эле дегенде өкмөт башчысы болушу керек. Мен да андай иш чараларга тыгыз катышкым келет. Бир сөз менен айтканда, баарыбыз колдон келген мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша мамлекеттик ишмердин мааракесин өтө жогорку деӊгээлде белгилешибиз керек!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here