-Чыныбай Акунович,  Ушу тапта КСДП дегендердин 90 пайыздан ашыгы Атамбаевди айланып өтүп,  Жээнбеков тарапка ооп кеткенин көрүп турабыз. Сиз кайсыл тараптасыз?

—Саясатка аралашканыма 9 жыл болду. 9 жылдан бери өзүмдүн белгилүү позициям бар. Ал позиция убагында Атамбаевдин саясаты менен дал келген. Фракциянын лидерлигинен кийин, спикер болдум. Бирок спикерлик кызматта турганда позициям бийликке жакпай калды. Ошон үчүн чечим кабыл алып,  башка жол менен кеттим. Себеби, менин башка көз карашым бар болчу. Ал көз карашты шайлоонун учурунда коомчулук укту, көрдү. Мен азыр ошол эле көз карашта калдым. Мындайча айтканда, орток позициядамын десем болот.

—Акыркы жолу Атамбаев менен качан жолуктуңуз?

—Январда жолуктум.

—Кандай маселени талкууга алдыӊыздар? Ачыктай аласызбы?

—Жалпылап айтканда, маалымат алып, пикир  алыштык десем болот.

—Жээнбеков менен качан жолуктуңуз?

—Өткөн жылдын ноябрь айында жолуктум.

—6-апрель КСДП курултай өткөргөнү жатат. Барасызбы?

—Азырынча чакырыла элекмин. Эми ага чейин убакыт көп да. Чакыруу түшсө да көрөбүз да. Аз күн мурун мага: “ эски, илгерки сдпкчыларбыз” – дегендер келип  кетишти. Алар дагы позицияларын айтышты. Мага кызыктуу боло баштады.  Дагы көрөлүчү, ким эмне дейт  экен. Андан кийин анан чечимибизди кабыл алабыз.

—Демек,  сиз “Эски дос эстен кетпейт” –деген кепке басым жасап тургандайсыз…

—Андай деле мааниде эмес. Мен өзүмдүн түз позициямда калдым. Эгер менин позициям кимиси менен жакындашса, ошого жараша иш болот да…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here