Жакында Transparency International уюму Кыргызстандагы коррупциянын абалын, дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингинде канчанчы орунда экенин жарыялады. Бул боюнча кандай анализ кылып, айтып бере аласыз?

Өткөн жылы Президент коррупцияга каршы күрөштү баштаганда Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн рейтингин иликтеп түзүп келаткан Эл аралык Transparency International уюмунун тизмесинде 135 орунда болчу. Андан бери бир жыл өттү. Жакында аталган уюм жаңы рейтингди жарыялады. Кыргызстандын көрсөткүчү  29 бал менен былтыркыдай эле 135-орундан жылган жок. Эмнеге? Президент болсо квартал сайын күрөш жүрүп жатканын, катуулап жатканын айтып жатат. Анда эмнеге жыйынтык жакшы эмес. Бир жыл  текке кеттиби? Кандай болду? Бул да өзүнчө чоң суроо. Маселен, Атамбаев бийликте турганда Кыргызстан Transparency International уюмунун рейтингинде 164- орундан 135 орунга чейин  түшкөн. Мындайча айтканда, жыл сайын 7-8 пайызга чейин азайып турган десек болот.

-Бир жылдан бери ТЭЦ ж.б. коррупциялык иштер боюнча бир топ чиновниктер кармалбадыбы? Ал дагы чоң күрөш болуп эсептелет да?

— Бул уюм терең иликтейт. Өздөрүнүн талабына ылайык жыйынтыкты чыгарып турат. Тартып койду,  эске албай койду деген болбойт.  Мисалы мен 2008-жылы Коррупцияга каршы агенттигинде  иштеп калдым. Бир жылдан кийин биз көрсөткүчтү жогорлата алдык.  Ошондон бери “коррупциялык градусник”  ылдыйлаган жок. Бир жылдан бери мен жылыш болбой жатканын таң калам. Президент айтканды, берген тапшырмаларды тиешелүү мекемелер аткарабы, аткарбайбы? Бул маселени менден сургандар да көп болуп  жатат. Бул жерде  эмнеге иш алдыга жылбайт жатат деген маселени терең иликтешибиз керек. Маселен,  мен айтайын системалуу иш жүргөн жок. Укук коргоо органдары президентке коррупция боюнча бир катар иштерди, кимдерди камай турганын, ал тургай Атамбаевди да камай турганын айтышат. Бирок жалпысынан алганда системалуу иш талапка ылайык жүрбөгөн үчүн көрсөткүч ушундай болуп турат.

-Өмүрбек Субаналиевдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына дайындалышы  коррупцияга каршы күрөш  буга чейинкиге салыштырмалуу  күчөтө алабы?

-Укмуш күчөйт деп айтуу кыйын. Бирок Субаналиевде тажрыйба жетиштүү. Талапка ылайык иштесе эле, жакшы жыйынтыктар болот деп ишенсе болот. Бирок Субаналиевде Атамбаевден өч алуу каалоосу жок деп айтуу да кыйынга турат. Экөөнүн жеке маселеси бар да. Атамбаев аны элдин көзүнчө да, жаман сөздөр менен айткан. Буга чейин бири-бирин катуу эле сындашып келди. Ошон үчүн кызматка келген адам жеке таарынчтарга басым жасабай, мамлекеттик чоң маселе менен иш алып барса жакшы болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here