Депутат Канат Исаев Жаӊы кодекстер жана өзүнө кылмыш козгогондор  боюнча көз карашын Chagylgan.kgге билдирди. Ал өз сөзүндө буларды белгиледи:

Жаӊы кодекстер  кабыл алынганда чынында эле кемчиликтер кеткен. Бирок анын 20 пайызы талапка жооп бербесе, 80 пайызы негизинен туура десек болот. Эми болгону туура эмес жактарын өзгөртүү керек. Орусча-кыргызча редакциясында карама-каршылыктар бар экен. Алардын баарын шайкеш келтирип, алымча-кошумча иштерин талапка ылайык жүргүзүү зарыл. Бул мыйзамдарга бизге балким эртелик кылат. Бирок кабыл алынгандан кийин, артка жол жок. Убагында мен бул мыйзамдар кабыл алынып жатканда каршы добуш бергем. Мен бул жаӊы кодекстер боюнча кимдир-бирөө жооп берет дегенден алысмын. Ал эми жаӊы кодекстерге сарпталды деген 13 миллион 600 миӊ евро боюнча катуу талап болот- деди.

Депутат 13 миллион 600 миӊ  евродон тышкары,  Кыргызстанда көп жылдан бери башка да бир катар иштерге ондогон миллион доллар каражат максатсыз сарпталып кетип, андай ишке эч ким жооп бербей калганын да кошумчалады.

Исаев жаӊы кодекстерден тышкары журналисттин «Сиздин түрмөгө жатып чыкканыӊыза кимдир бирөө жооп бериши керекпи?»— деген суроосуна да жооп берип, учурда бул маселе боюнча Жогорку сотко арыз менен кайрылганын, эми кимдер жооп бере турганын, өзүнө карата козголгон кылмыштагы жасалмалуулукту да ачыктады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here