Бул адамдын кыжырын келтире турган сүрөттү соцбаракчаларга Артур Болжуров атту сүрөтчү жайгаштырган. Кыязы, ал береги сүрөттөгү модель-сөрөй кызды мүрзөнүн алдында жарым жылаӊатап алып, болушунча сүрөткө тарткан өӊдөнөт. Бул сүрөт көпчүлүктүн талкуусуна кабылып, катуу сындалды. Болжуров бул сындардан кийин, өз баракчасынан сүрөттөрдү өчүрүп салган. Маалыматка караганда, бул сүрөттөр 2008-жылы Ысык-Көлдө тартылган. Мусулмандардын күбөзүнө барып, абийрин жайып салып, сүрөткө түшкөн бул ыймансыздарды жоопко тартууга болот. Бирок ал үчүн береги күмбөздө түбөлүк уктап жаткан маркумдун туугандары милицияга арыз менен кайрылышы керек.

 

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here