Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков менен эмнелерди талкуулаганын айтып берди.

Анын айтымында, ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу байланыш тууралуу кеп болду. Айрыкча, аскердик-техникалык тармак, маданий жана гуманитардык чөйрөлөр жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары Ооганстандагы абал тууралуу кеп кылышты.

Орусиянын ТИМ башчысы кошумчалагандай, тараптар ЖККУнун алкагында байланышты талкуулашты. ТИМдин саммити ушул жылы Бишкекте өтөт. «Кыргызстанда Орусия 2-авиабаза ачат деген маалымат расмий деңгээлде талкуулана элек», -деди Сергей Лавров.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here