Жогорку Кеӊештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Chagylgan.kgге  кенен маек куруп, өкмөттүн ишмердүүлүгүнө анализ кылып, өз оюн ортого салды. Депутат эгер өкмөт алмаша турган болсо иштей гана турган өкмөттү шайлоо керектигин, мурункудай  аванс менен шайлоо болбой турганын ырастады.

Ошондой эле контарбандага байланыштуу коррупциялык көрүнүштөргө анализ жасап, бир катар мисалдарды келтирди.  Ал өз сөзүндө:

Мен нече жолу өкмөткө өзүмдүн пикиримди айттым. Биринчи кезекте Чек ара кызматына шылташат. Себеби, товарлар чек арадан өтөт да. Жалпысынан ЕАЭСке шылташат. Экинчиден Чек арадан камералар тартып турат деп жатышпайбы. Бирок контрабандалык товарлар келгенде белгилүү бир саатта камералардын баары өчүрүлөт. Анан машинелердин баары өтөт. Бул дагы чындык. Ошентип, из калбайт— деп контробанда бизнесин ачыктады.

Ал бир кезде мындай контрабандалык коррупция менен күрөшүүгө аракет кылганын, бирок натыйжада лоббист катары күнөөлөнгөнүн ачыктады.

Маекти видео-форматта толук көрүӊүздөр:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here