Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Корчубек Акназаров бүгүн 1-февралда 97 жашында дүйнө салды.

Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров 1922-жылы Талас районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Анын күлгүн курагы согуш жылдарына туура келет. Фронтко ал 1942-жылы, 20 жашында кетет. Корчубек Акназаров 1-Белорусс фронтунда согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. 1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келет.

Республикалык партиялык мектепти бүткөн соң Корчубек Акназаров Чаткал районунда мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган. Андан соң ал бүт өмүрүн партиялык ишке арнап, 30 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарда — Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондук комитеттеринин биринчи катчысы болуп эмгектенген.

1960-65-жылдары анын жетекчилиги астында Ак-Талаа району айыл чарба өндүрүшү боюнча республикада алдыңкы орунду ээлеп турган. 1966-жылы мал чарбачылыгын өнүктүрүү, эт, сүт, жумуртка, жүн даярдоо жана өндүрүштөгү жетишкен ийгиликтери үчүн Социалисттик эмгектин баатыры сыйлыгына ээ болгон. Кийин Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here