Депутат Эльвира Сурабалдиеванын «Азаттыктын» «Секреты власти» берүүсүнө барып, Темир Сариев депутат болуп турган кезинде (2005-ж) , бизнесинди тартып алам деп мени коркуткан деп айткан.

Депутаттын мындай билдирүүсүнө  Темир Сариев төмөндөгүдөй жообун берди.

«Мага анын мындай калптарды сүйлөп жатканынын себеби түшүнүксүз. Бул анын фантазиясы же мени каралоо боюнча кимдир бирөөнүн буйругу.

Ал дайыма атасынан калган мүлктөрдүн мураскору экенин айтып келет. Мен анын атасын билем, эмне менен алектенип жүргөнүн да билем. Көзү өткөн адам тууралуу жакшы сөздөрдү сүйлөш керек же такыр ал тууралуу сүйлөбөш керек деген кеп бар. Бир эле нерсени айта алам, мен 2000-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда атасына карата жарандардан бир топ даттануулар келчү».

«Мен ал кезде кайсы бир бизнес менен эмес, саясат менен алек болчумун. Бул нерсени Сурабалдиеванын абийирине койдум»-деди Сариев.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here