-Малик–Айдар Барктабасович, алгач өзүңүз жетектеген мекеме  тууралуу жалпы маалымат берсеңиз?

 —Биздин фонддун аткарган милдетин бир сөз менен айтканда, ишкерлерге банктардан насыя алганга жардам берет. Себеби, ишкерлер банктардан насыя алган учурда көп эле банктар койгон күрөөсү жетиштүү эмес деп, ишкер сурган көлөмдөгү каражатты насыя катары беришпейт. Дүйнө жүзүнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө Кепилдик фонддору иштейт. 2010-жылы  мен ЮСАИДде иштеп турганда, ушул маселени изилдеп көрсөк, биздин 40-50 пайыз ишкерлерибиз банктардан насыя алуу маселесинде чоң көйгөйлөр бар экенин байкадык.

2011-жылы биз аймактарда, тактап айтканда: Ошто, Кара-Сууда, Жалал-Абадда, Кантта, Кара-Балтада, Ысык-Көлдө аймактык Кепилдик фондун түзгөнбүз. Аталган аймактардагы фонддор жакшы иштеп, жыйынтыгы жакшы болгондон кийин, 2016-жылы өкмөт башчы болуп турган Сооронбай Жээнбеков атайын токтом менен республикалык Ачык акционердик коом Кепилдик фонддун түзгөн.  Ошондон кийин өкмөт биздин фондго 72 миллион сом капитал берди. Азия өнүктүрүү фонду да 210 миллион сом каражат которгон. Орус-кыргыз фондунан 200 миллион насыя алганбыз. Ошону менен республика боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Азыр биз  талаптарга жооп берген 11 банк менен иштешебиз.

Маселен, кайсы бир ишкер банктан  миллион сом насыя ала турган болуп, ал үчүн 300 миң сомдук күрөөнү төлөп беребиз. Азыр биздин фонддо 50 адам эмгектенип жатат. Адистерибиздин билим деӊгээлин көтөрүп, англис  тилдерине жана башка керектүү билимдерге окутуп жатабыз.

—Түзүлгөндөн бери канча ишкерге, канча каражат жардам көрсөттүңүздөр?

 —Биз пайдасы көбүрөөк деп эсептелген көбүнчө айыл чарба, өндүрүш тармактарында ишкерлик кылышкан ишкерлерге көп эле жардамдарды көрсөтүп келатабыз.

Ал эми курулуш, туризм, соода-сатык боюнча ишкерликке да жардам  беребиз, бирок бул тармактар  айыл – чарба менен өндүрүштөн кийинки орунда каралат. 2017-жылы биздин капитал 294 миллион сом болду. 2018-жылы болсо 613 миллион сомго жетти. Ал эми 2016-жылы 237 ишкерге кепилдик каражат берсек, 2017-жылы 419, 2018-жылы 656 ишкерге кепилдик каражаттан жардам көрсөттүк.. Кудай буйруса, Улуттук банк да бизге чоң суммадагы капитал бергени турат. Бул маселе да өкмөттё чечилип жатат.  Экинчиден, биз өзүбүздүн кепилдик акчабызга 2, 2,5 пайыз комиссиялык каражатыбызды алабыз. 2017-жылы биз мына ушундай иштөөнүн натыйжасынан 12 миллиондон ашуун сом таза киреше таптык. 2018 – жылы болсо тапкан кирешебиз 25  миллион сомдон ашты.

2016-жылдан бери биз жалпысынан 556 ишкерге жардам көрсөттүк. Берилген каражаттын көлөмү 755 миллион сомду түздү. Бизден жардам алган ишкерлер ошол жылы 1225  адамга  жаңы жумуш ордун түзүштү.

Андан сырткары, мурда түзүлгөн жумуш орундарын сактап калдык десек да болот. Ошондой эле биз аял ишкерлерге да жардам беребиз. Бизден 179 аял ишкерлер жардам алышты. Биз өзүбүз жалаң эле кепилдик каражатын берип олтура бербестен, ишкерлерге  жаңы ишкана түзгөнгө жардам берип жатабыз.

—Демек, айыл чарба жана өндүрүш тармагына көбүрөөк басып жасап жаткан экенсиздер. Жыйынтык сиздер күткөндөй болуп жатабы?

  —Биздин 2017-жылы май айында кабыл алынган “Бир район —  бир ишкана” деп аталган программабыз бар. Ошол программанын  алкагында бүгүнкү күнгө чейин 27 жаңы ишкана же иштеп жаткан ишканаларга дагы башка жаңы тармактагы ишкана ачып бердик. Ишкерлер ал ишканага жалпысынан  400 миллион сомго чейин насыя алышты, биз болсо аларга 80 миллион сомдук кепилдик каражатын бердик.

Негизи өндүрүш түзүш кыйын экен. “Топоз” деген компания бар. Мына ошол компанияга насыя алууда жардам бердик, азыр алар Кантта тетиктерди алып келип, трактор чыгара баштады. Андан тышкары, биз дагы бир компанияга жардам берип жатабыз. Ал компания  жеңил унаалардын моторун  алмаштырып,  электр системасын иштетет. Азыр биринчи экземпляры даяр болду. Кудай буйруса, каалоочулардын унааларын алмаштырса болот.

—Чыгымы көп болуп кетет го?

 —Азырынча толук баасын айта албайм. Азыр иликтенип, эсептелип жатат да. Башында 2500 -3000 доллар болот го деп жатканбыз, бирок андан кымбат болуп калат го. Электр тогу менен жүргөн унаанын өзгөчөлүктөрү ушул: биринчиден экологияга зыяны жок. Бензинге салыштырмалуу 100 чакырымга 4 эсе чыгымы төмөн болот. Жаңы чакан  электромобилдердин баасы 6500-8000 долларга чейин болуп жатат. Ал эми коопсуздук маселеси талапка жооп берет. Өкмөткө биз сунуш кылып жатабыз. Биз кепилдик фонду болуп эле тура бербестен, өнүктүрүү институту болуп калдык. Биздин ишибиздин жыйынтыгы жакшы болгон үчүн өкмөт былтыр капиталыбызды 300 миллион сомго көбөйттү.

Эсептөө палатасы жакында биздин фонддун 2016-2017- жылдагы ишмердүүлүн текшерип, эч кандай кемчиликтер, каржылык мыйзам бузуулар болбогонун өздөрүнүн жыйынтыгында билдиришти. Бул эми биз колдон келишинче таза, ачык – айкын, мыйзам бузбай иштеп жатканыбыздан кабар берет десем болот.Өткөн жылы Аймактарды өнүктүрүү жылы болгондуктан биздин кепилдик каражаттарыбыздын 76 пайызы аймактардагы ишкерлерди колдоого сарпталды. Былтыр биз 570 миллион сом каражатка кепилдик бердик. Кудай буйруса, быйыл 900 миллиондон  миллиард каражатка кепилдик берүүнү максат кылып жатабыз.

-Сиздер түзүп чыккан бул фонддун моделин пайдаланган мамлекеттер барбы?

-Кепилдик фонд тууралуу эки китеп чыгардык. Кудай буйруса, Азияга, Орто Азияга кыргыз кепилдик фонддун моделин сунуштоону максат кылуудабыз. Анткени, биздин фонд башкаларга үлгү болуп, жакшы иш алып барып жатканын биз иш менен көрсөтүп жатабыз. Жогоруда Кепилдик фонд алгач региондордо, андан кийин республикалык болуп түзүлүп иштеп жатканын айтпадымбы. Азия өнүктүрүү банкы: “ Кыргызстандын эки тепкичтүү Кепилдик фондунун иши алдыга жылып, абдан жакшы иштеп жатышат. Каржылык жактан туруктуу”  – деп чечим чыгарышып, бизге: “Бул фонддун моделин Орто Азияга жана Кавказга сунуш кылабыз. Ишкерлерге жардам беребиз десеӊер, ушундай фонд ачып, Кыргызстандын фонддун моделин киргизгиле” деп айтышканын билдирди.  Эми бул жакшы иш да. Биз бул маселени президентке да билдиргенбиз. Грузияда жакында Азия өнүктүрүү банкы Кепилдик фондун ачканы жатат. Бирок ал жактан биздин фонддун моделин колдонобу, же колдонбойбу, аны көрөбүз.  Кыскасы, биздин Кепилдик фондубуз  түзүлгөндөн бери өзүбүз анчалык күтпөгөн чоӊ ийгиликтерди багынтып жатат десем болот. Биз фонддун ишин жакшыртуу, өнүктүрүүгө, дагы да күчөтүүгө бүт күчүбүздү жумшай беребиз

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here