Бүгүн,24-январда Ала-Тоо аянтында Азия Кубогуна катышып, Бириккен Араб Эмираттарынан учуп келген футболчуларды тосуп алуу иш-чарасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына 2 млн. сомдук сертификатты  тапшырды. Аны  башкы машыктыруучу Александр Крестининге берди.

Ошондой эле аянтка чогулган эле «стадион» деп кыйкырышканда жооп кылып Абылгазиев “стадион болот” деп айтты.

ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан 209 өлкөнүн ичинен 201-орунда болгонун, учурда 91-орунга чыкканын өкмөт башчы баса белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here