Кээ бир адамдардын көлөмү ушунча чоӊ болсо да, ичине ийненин көзүндө таруу да айланбайт. Бирөөнүн жакшылыгын, ийгилигин көргөндө чыӊырып ыйлап, ордунан он тегеренип кеткендер да бар. Мына ушундай кулк-мүнөз депутат Камчыбек Жолдошбаевге таандык болуп келгенин байкап келебиз. Маселен, ал жалпы Кыргызстанга бир нече тармактар боюнча опол тоодой эмгек жасап койгон айтылуу меценат Аскар Салымбековдун атын укканда куйкасы кушурулуп кетет. Маселен,  учурда мамлекет башчы баштап, жалпы калыӊ журт Салымбековдун кыргыз футболуна кошкон салымын, эмгегин баса белгилеп айтышты. Жээнбеков аны «Манас» ордени менен сыйлады. Сыйлыктын Аскар мырзага берилгени жалпы журтка жагып, туура баасын берип, кызуу куттуктап жатышат.

Бирок бир гана Жолдошбаевге мунун баары «жомоктой» сезилип, адатынча Аскар мырзаны гезиттерге жамандап жатып калды. Ал уялбай эле: «Аскар Салымбеков баарына эле салым кошуп жатыптырбы эмне?! Анын атын футболчуларга чаптап, мактаганыбыз туура эмес. Ал жүргөн бир пенде, мен аны бизнеске үйрөтүп, адам катары элге кошком» — деп бакылдаганы кайсы чындыкка жатат?

Сүйлөйт деген ушул деп эле сүйлөй берсе болобу? Негизи эле  ким болсо да кайсы бир адамга сын айтарда өзүн күзгүдөн бир карап алганы оӊ болот. Чынында Жолдошбаев Салымбековдун спортко салган акчанын ондон бир бөлүгүн салды бекен? Кара-Кечени көмүрүн туш келди казып, тамтыракайын чыгарып, каргышка калып касиеттүү Жумгалдан араӊ качып кутулуп кеткенин унуттубу? Деги эле,  Жолдошбаевдин кайсы бир жоругун айтаып түгөтөбүз. Түгөнбөйт дагы да…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here