Бүгүн, 24-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын «Манас» аэропортунан тосуп алуу иш-чарасы таңкы саат 4төрдө болду. Ага бийлик өкүлдөрүнөн Президенттик аппараттын жетекчисинин  биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Биринчи вице премьер министр Кубат Боронов, спортту колдогон меценаттар жана журналисттер, жүздөгөн күйөрмандар барды. Кыргыз футболун узак жылдардан бери  колдоп келаткан меценаттардын бири айтылуу Аскар Салымбеков журналисттерге Бишкекке жаңы стадион куруу маселеси боюнча буларга токтолду:

— “Спартак” (Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион) стадиону коопсуздук талаптарына жооп бербей калды. Ал эскирди. 35 миң киши бата турган жаңы, заманбап стадион куруш керек болуп жатат. Сунуштар бар. Муну өкмөт чечет. Бирок жаңы стадион салганга өкмөттүн күчү жетпейт. Күйөрмандар, кыргызстандыктардын баары чогулсак бир стадион сала албайбызбы? Салыш керек. Хорватияда деле заманбап футбол аянты жок экен. Чогулуп алып эле стадион салып атышат. Биз да салышыбыз керек.

Бишкектеги  Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион — эл аралык мелдештерди кабыл ала турган бирден-бир жалгыз жай. “Спартак” стадиону  1939-жылы башталып, 1941-жылы курулган. Стадионго  жалпысынан 19 миң күйөрман батат.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here