Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жүктөрдү ташууну өркүндөтүү максатында 2018-жылдын 24-декабрында Ташкент шаарында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коому кызматташтык протоколуна кол коюшту. Ага ылайык, Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен ташылуучу жүктөрдүн бардык түрлөрүнө буга чейин берилген 30% жеңилдик 2019-жылга да калтырылды. Мындан тышкары 2019-жылы Өзбек темир жолунун айрым транзиттик участкалары боюнча Ходжадавлет эл аралык мамлекеттик пунктуна карата 35%, Каракалпак эл аралык мамлекеттик кесилиш пунктуна карата 40% жеӊилдиктер берилет. Ал эми Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен ташылуучу жүктөрдүн төмөндөгү түрлөрүнө көлөмүнө жараша жеңилдиктер белгиленип: 200 миң тонна майлоочу жана күйүүчү майлары, 60 миң тонна жыгач-тактайлар ошондой эле 35 миң тонна буудай азыктары кайрадан эсептелип чыгып, 30% жеңилдиктин ордуна 35% жеңилдик берилет.

Багыт кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here