Сүрөтчү Орозбек Молдобаевдин тарткан эмгеги. Академикке белек

Өткөн жумада Кыргыз мамлекеттик улуттук драма театрында профессор, академик, филология илимдеринин доктору,  Абдылдажан Акматалиевдин чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналган “Манастан  Айтматовго карай” аттуу илимий чыгармачыл кече болуп өттү.

Кеченин  биринчи бөлүгүндө алгач Акматалиевдин  жетекчилиги менен жарык көргөн китептери жана илимий ишмердүүлүгүнө байланыштуу даректүү тасма көрсөтүлдү.Акматалиевдин элүү жылдык отчёттук кечесине президенттик аппараттын, өкмөттүн, Маданият министрлигинин барандуу өкүлдөрү келип, куттук айтып, баалуу белектерин тапшырышты. Ошондой эле, КРнын баатыры  Миталип Мамытов баштаган интеллегенция өкүлдөрү: жазуучулар, акындар, окумуштуулар  академик, профессорлор, жогорку окуу жайлардын ректорлору кеченин көркү болуп олтурушту. Алар  да өз кезегинде өздөрүнүн каалоолорун айтып, белектерин  тапшырышты.

Мааракенин экинчи  бөлүгүндө манас айтылып, кыргыздын залкар күүсү аткарылып, төкмө акындардын жан дүйнөсүнөн эргип чыккан ыр саптары жаӊырды. Аны менен бирге академик Акматалиевдин ырларына жазылган обондорду эстрада ырчылары аткарышты.

Эӊ алды менен  “Эӊсегеним элиме кызмат кылуу” деген ураандын алдында тынымсыз эмгектенип келген эл уулунун илимде ээлеген орду өзгөчө экендигин баса белгилеп кетмекчибиз. Акматалиев жарым кылымдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында: филиология  илимдеринин 67, ушул эле багыттагы илимдин 17 докторун даярдап чыгарган. Бир сөз менен айтканда илимий жетекчи болуп, устат катары шакирттерди тарбиялоо жагынан Акматалиев кыргыз илиминде эч кимди алдына салбагандыгын мына ушундан билсе болот. Бир күн да тыным албаганды билбеген академик бул багытта бүгүнкү күндө да  жаш окумуштууларды илим чөйрөсүндө көздөрүн ачып, көрөңгөлөрүн толтуруп келет.

                 “Манаска” жалпы адабиятка кошкон салымы…

“Башканы коюп Манасты айт!” демекчи, анын эмгеги менен кыргыз рухунун туу чокусуна айланган улуу Манас эпосуна байланыштуу Манас, Сагымбай, Саякбай энциклопедиялары, Манас сөздүгү даярдалып, окурмандарга тартууланган. Манастан кийин эле кыргызды Ааламга тааныткан залкар жазуучу Ч.Айтматов менен илимий, чыгармачылык байланышы болгондуктан ал тууралуу көптөгөн эмгектерди жараткан. Башкача айтканда, анын Айтматов таануу илимине кошкон салымы баа жеткис…

Академиктин китпетиринин жарымы гана…

Анын демилгеси менен “Манастын” Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Тоголок Молдо, Молдобасан Мусулманкулов, Жусуп Мамай, Багыш Сазанов, Ыса Жумабек уулу, Мамбет Чокморов, Жаңыбай Кожеков, Шапак Рысмендеев, Акмат Рысмендеев, Шабай Азизов, Ыбырай Абдырахманов, Уркаш Мамбеталиевдердин варианттарын басып чыгаруу иштери ишке ашкан. Ошондой эле “Манас”, “Сагымбай”, Саякбай энциклопедиялары жана сөздүктөрү даярдалган.

Академик Акматалиев Эл адабияты сериясынын 40 томдугун да эки ирет даярдап, буга чейин жарык көрбөгөн варианттарын басып чыгарууга чоң салым кошкон. Мындан тышкары, анын аракети менен кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон төкмө акындардын 15 томдугун да даярдап чыгарышкан. Бул багытта дагы көп эмгектерди тизмектеп айтууга болот.

                            Айтматов ааламы менен…

Сүрөтчү Орозбек Молдобаев тарткан эмгек

Ааламдын алпына айланган Айтматов тууралуу ондогон илимий китептерди, жүздөгөн макалаларды жазган. Ал муну менен эле чектелип калбастан жазуучунун жарыялаган чыгармаларынан тышкары кол жазмалары, окурмандардан келген каттар жана архивдик материалдар менен таанышкан.

Жазуучунун көзү өткөндөн кийин анын жарыяланбаган “Чоор жана жер” аталышындагы чыгармасы тууралуу дүйнөлүк окурмандарга кеӊири маалымат берип жана анын Болгарияда 1972 -1974-жылдары жарыяланган үзүндүлөрүн таап чыккан. Акматалиевдин залкар жазуучу тууралуу эмгектери мурдагы СССРден тышкары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө тааныш экендигин да айта кетпесек болбос. Анын демилгеси менен Айтматовдун сегиз жана он томдуктары окурмандарга кыргыз-орус тилдеринде жеткизилген. Ал өзүнүн кандидаттык диссертациясын дагы “Кыргыз-казак адабий байланыш өнүктүрүүдө Чыӊгыз Айтматовдун ролу”-деген теманын алдында 1982-жылы профессор Абдыкадыр Садыковдун жетекчилиги менен коргогон. 1986-жылдан 1989-жылга чейин “Түрк тилдүү элдердин адабияттарынын байланышын жана байышын өнүктүрүүдө Чыӊгыз Айтматовдун ролу” деген докторлук диссертациясын талкууга койгондон кийин, аны 1990-жылы ийгиликтүү жактаган. Бекеринен Айтматов: “Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем!  Улуттук маданиятыбыз Акматалиевдер сыяктуу бренддер менен жүктөлсүн. Ошондо өз жолубуз менен өнүгөбүз!” -деп кат жазбаса керек. Алп жазуучунун мына ушундай таамай баасы эле Акматалиевдин зоболосун, илимдеги эбегейсиз ордун ачык айкын  билдирип турат. Акматалиев өзүнүн демилгеси менен улуу жазуучунун ысымын бир топ мекемелерге ыйгарууну сунуштаган. Ошондой эле,  Эл аралык Айтматов клубун жана Коомдук Айтматов академиясын, “Айтматов” энциклопедиясын түзгөн.

Бир сөз менен айтканда, академик Акматалиев Айтматовду даңазалоо жана анын чыгармачылыгын жайылтуу, ага ак кызмат кылуу боюнча эч бир адамды алдына чыгарган жок десек болот.

                     Тыным албаган академик

2013-жылдан 2017-жылга чейин улуттук илимдер академиясынын вице-президенттигине шайланып, анын жетекчилиги  менен тил жана маданият жылында  коомдук илимдерде ар багыттарда иштөөгө шарттар түзүлгөн. Акматалиев жетекчи катары дагы өзүнүн эмгек жамаатын материлдык жана моралдык жактан дагы дайыма колдоп келгендиктен, демөөрчүлөрдү таап кызматкерлердин илимий эмгектерин жарыкка чыгарып келет.

Күчтүү менеджер катары миӊдей китепти окурмандарга тартуулаганга өзүнүн чоӊ салымын кошкон. Бүгүнкү каарманыбыз 40 жылдан ашуун убакыттан бери  басма сөз беттеринде өзүнүн макалалаларын жарыялап келе жатат. Ал 700дөй макала, маектердин, 30дан ашуун китептердин автору. Республикалык жана чет элдик сыйлыктардын ээси.

Айтылуу академик бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институнун директору катары үзүрлүү эмгектенүдөө. Ч. Айтматовдун чыгармаларын даӊазалоодо чыгармачылыктын чыйыр жолунда тынымсыз эмгектенген академик агабыздын ишине ийгилик кааламакчыбыз.

Булак: Багыт.kg

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here