Быйыл жыл жаңырары менен Кыргызстандын спорт багытында көптөн бери күтүлүп келген үмүт акталды. Анткени, Кыргызстан көп жылдардан бери Азия кубогуна катыша албай келген. Эмнеге дегенде, тандоо турунан эле ыргып кетчү. Бул жолкусу ийгиликтүү болду. Азия кубогу быйыл БЭАнын  50 миң адамдык “Шейх Зайед” стадионунда өтүп жатат. Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып, тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде жеӊилген. Чечүүчү таймашта филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.  1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалында ойноду. 21- январдын түнүндө болгон  Кыргызстан менен БАЭ оюну 2:3 менен аяктады.  Чынында таймаш катуу болду.  Арабдар Кыргызстандын дарбазасына 13-мүнөттө гол киргизсе, оюндун 26-мүнөтүндө “ак шумкарлар”гол киргизип, эсепти теңеди. Биринчи голду  чабуулчу Мирлан Мирзаев киргизген. Экинчи таймда арабдар дагы бир гол жаратышты. Кыргызстан командасы акыркы мүнөттөргө чейин көп чабуул жасашып, бир топ мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарышты. Бирок бактыга жараша акыркы мүнөттө, тагырагы 91-мүнөттө  оюнга алмашуу менен чыккан Турсунали Рустамов  бурчтан чыгарылган топту  баш менен сүзүп  гол киргизип, эсепти теӊеди. Экинчи таймдан кийин 30  мүнөт кошумча убакыт берилди.  Оюндун 103 – мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты деген жүйө менен калыстык кылып жаткан кытайлык калыс Фу Минг пенальти берип койду. Ошентип, ойдо жок жерден «жаралган» пеналтиден улам арабдар «ак шумкарларга» бир гол киргизип, жеӊишти камсыздашты. Деги эле кытайлык калыс бул оюнда арабдарга ачыктан ачык тартып, арабдардын эреже бузууларын эске албай, кыргыздарга гана эскертүү берип турду. Футбол күйөрмандары кытайлык калыстын үстүнөн ФИФАга арыз жазуу маселесин козгоп жатышат. Фу Минг мындай ойго келбеген эреже бузууларды  буга чейинки калыстык кылган оюндарда да ишке ашырып келгени менен белгилүү. Анын үстүнөн бир нече мамлекеттер  ФИФАга арыз жазышкан.  Мындайча  айтканда бул таймашта кыргыз футболчуларынан 11 оюнчу ойносо, арабдардан 12 оюнчу ойногондой эле болду. Болгондо да “12чиси” кытайдын калысы болду окшобойбу.

5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. Бул кубок Бириккен Араб Эмиратында өтүп жаткан бул Азия кубогунан  жалпы байге фонду 14 миллион 800 миң доллар. Жалпы 24 өлкөнүн курама командалары катышты. Кубокту жеңип, чемпион болгон командага баш байге катары 5 миллион доллар берилет. Экинчи орунду алгандар 3 млн, үчүнчү орунду камсыздагандар 1 миллион доллар алышмакчы. Ал эми бидин “ак шумкарчылар” 1.8 финалына чейин чыккандыгы үчүн 200 миң доллар алышмакчы. Ошентип кыргыз футболуна жаңы тарыхты жаратышкан “акшумкарчылар” 24-январды таңкы саат 5те келише турган болду. Алар менен күйөрмандардын жолугушуусу ошол эле күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион уюштурулмакчы.  Кудай буйруса, кыргыз футболчуларынын ийлиликтери, дагы да багынта турган бийиктиктери али алдыда демекчибиз.

Кыргызстан учурда  ФИФАнын рейтингиде 91- орунда. Ал эми  Кыргызстан менен ойногон командалар ФИФА рецтингинде: Кытай – 76-орунда. Корея: 53-орунда. Филиппин: 116-орунда. БЭА: 79-орунда.

Кыргызстандын футбол командасынын футболчуларынын жалпы баасы 1 миллион 200 миң долларга бааланат. Бул  баанын жарымына жакыны эле Валерий Кичинге тиешелүү. Ал эми Бириккен Араб Эмиратынын футболчуларынын жалпы баасы 11 миллион доллардан ашат.

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here