Кыргызстан менен БАЭ оюну 2:3 менен аяктады.  Чынында таймаш катуу болду.  Арабдар Кыргызстан дарбазасына 13 мүнөттө гол киргизсе, 26-мүнөтүндө “ак шумкарлар”гол киргизип, эсепти теңеди. Биринчи голду  чабуулчу Мирлан Мирзаев киргизген. Экинчи таймда арабlар дагы бир гол жаратышты. Кыргызстан командасы акыркы мүнөттөргө чейин көп чабуул жасашып, бир топ мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарышты. Бирок бактыга жараша акыркы мүнөттө, тагырагы 91 мүнөттө  оюнга алмашуу менен чыккан Рустамов Турсунали  бурчтан чыгарылган топту баш менен гол киргизип, эсепти теӊеди. Экинчи таймдан кийин 30  мүнөт кошумча убакыт берилди.  Оюндун 103 – мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди.

Кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты деген жүйө менен калыстык кылып жаткан кытайлык калыс ФУ МИЕНГ пенальти берип койду. Ошентип, ойдо жок жерден «жаралган» пеналтиден улам арабдар «ак шумкарларга» бир гол киргизип, жеӊишти камсыздашты. Деги эле кытайлык калыс бул оюнда арабдарга ачыктан ачык тартып, арабдардын эреже бузууларын эске албай, кыргыздарга гана эскертүү берип турду. Футбол күйөрмандары кытайлык калыстын үстүнөн ФИФАга арыз жазуу маселесин козгоп жатышат.

Фу Минг

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалында ойноду.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде жеӊишти алдырган. Чечүүчү таймашта филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here