Кыргызстан менен БАЭ оюну кызыктуу болуп, катуу таймаш болууда. Арабдар Кыргызстан дарбазасына 13 мүнөттө гол киргизсе, 26-мүнөтүндө “ак шумкарлар”гол киргизип, эсепти теңеди. Натыйжада эки команда 1:1 болуп тең келатат. Голду чабуулчу Мирлан Мирзаев киргизген. Экинчи таймда араблар дагы бир гол жаратышты. Кыргызстан командасы акыркы мүнөттөргө чейин көп чабуул жасашып, бир топ мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарышты. Бирок бактыга жараша акыркы мүнөттө оюнга алмашуу менен чыккан Рустам бурчтан чыгарылган топту баш менен гол киргизип, эсепти теӊеди.

Опубликовано Жанарой Борончуевой Понедельник, 21 января 2019 г.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде жеӊишти алдырган. Чечүүчү таймашта филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here