Кыргызстандын эӊ кыйын улакчысы Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасына жарыяланган аукцион кечээ күнү  жыйынтыкталды. Бул тууралуу сатыкты жүргүзгөн көкбөрү күйөрмандарынын “Инстаграммдагы” kok.boru баракчасында маалымат жайгаштырылды. Анда  Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылганы айтылат. Эске сала кетсек, аукцион 9-январда башталып, алгачкы баасы 2 миң сом деп коюлган. Эки күндөн кийин  эле колдонуучулар бааны 40 миң 500 сомго чейин көтөрүшкөн болчу.   Натыйжада @boyka_alan деген даректеги Руслан аттуу колдонуучу эң көп сумманы сунуш кылып, Манас Ниязовдун формасын сатып ала турганын билдирген.

Буга чейин эле  аукциондон түшкөн каражат былтыркы жылдын май айында жабыркаган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде бериле турганы айтылган. Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында “Аккула” ат майданында өткөн Чүйдүн көкбөрү чемпионатында аттан жыгылып кырсыктаган. 1999-жылы туулган жигит ошондон бери өз алдынча баса албайт. Аукциондон түшкөн каражатты Манас  Ниязов  өз колу менен Жакеевге тапшырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here