Каржы министрлиги: 2018-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 477 миллион долларды түзгөнүн кабарлады. Маалыматта мамлекеттин карзы бир айда 50 миллион долларга өскөнү  айтылат.  Октябрдын соңуна карата бул эсеп 4 миллиард 427 миллион болчу.

Сумманын 3 миллиард 838 миллион доллары — сырткы, 639 миллион доллары — ички карыз. Кыргызстандын эң көп бересеси Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – ага Бишкек 1,7 миллиард доллардан ашуун сумманы төлөшү керек. Бул тышкы карыздын 44% жакынын түзөт.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here