Дүйнөлүк футбол жылдызы Кириштиан  Роналду аялы Джоржина Родригес менен  бир канча убакыттан бери Италияда дарыланып жаткан биздин кичинекей мекендешибиздин абалын сурап,  ооруканага барышканы кыргыз коомчулугуна жагымдуу жаӊылыктардын бири болуп турат. Мекендешибиз сөөк оорусунан жабыркап, Италиянын Турин шаарында дарыланып жаткан. Родней Седдон аттуу адам мекендешибиздин операциясынын чыгымын көтөрүп бергени айтылууда. Аны Раймонд Пиан,  Себастян,  Николло Ротте атту дарыгерлер операция кылышып, дарылап жатышат. Операция ийгиликтүү өткөн.  Роналдудан тышкары, «Ювентустун» башка да оюнчулары мекендешибиздин абалын сурап барышкан. Ал эми Италияда дарыланып жаткан Нурпазылга полиция кызматкерлери дагы барып, ден-соолугун сурашкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here