Албетте, ар бир аялзаты ичи чыкпай, жалпак болгонду жактырышат. Айрыкча журналдардагы дене мүчөсү төп келишкен, кийим куп жарашкан кыздарды көргөндө толмочунан тарткан кыздар бир саамга маанайы чөгүшү мүмкүн. Жаш өзгөчөлүк, жашоо образы, дененин түзүлүшү өзүнөн кабар берип турат. Бирок, бардыгына эле бирдей рецепт жардам бере берет деген туура болбой калса керек. Ошентсе дагы, ичти тартуунун кээ бир ыкмаларын сиздерге сунуштайбыз.

Тузду азайтыӊыз

Тузду азайтам деп тамактын тузун гана аз салуу эмес, кеп көмүскө тузда да болуп жатат. Көмүскө туздар тез татымдарда көп болгондуктан, тез татым тамактарынан баш тартканыӊыз оӊ. Майонез, кетчуп ж.б. ушуга окшогон жарым фабрикаттарда туздун көлөмү абдан көп болгондуктан, ичеги-карындын иштешин абдан начарлатат. Туз организмдеги сууну кармап, ичтин көбүшүнө алып келет. Андан сырткары, туздун көптүгү көздүн астындагы шишикчелерди пайда кылат. Анын кесепетинен адамдар өзүнүн курагынан эрте улгайыӊкы көрүнүп калат.

Сууну көп ичиӊиз

Эгерде сиздин организмиӊизде туздун көлөмү нормалдуу болсо, анда күнүнө 6-8 стакан газдалбаган суу ичүү менен организмдеги зат алмашууну жөнгө сала аласыз. Кофеден, кара чайдан, газдалган суулардан баш тартуу менен микрофлоранын абалын оӊдой аласыз. Аны менен бирге ичтин көбүшүн жана курсактын кереги жок көлөмүнөн да кутуласыз.

Кандагы канттын көлөмүн камсыздай турган азыктарды жеӊиз

Канттын көлөмүн камсыздай турган азык дегенде эле шоколад же таттууларды элестетпеӊиз. Мисалы авокадонун ширеси же ушуга окшогон мөмө-жемиштердин ширелерин кант кошпой эле ичиӊиз. Ал биринчи кезекте кандагы канттын көлөмүн калыбына келтирип, экинчи жагынан ачкачылыкты бир азга унуттурат. Негизи эле таттууга жакын болсоӊуз, кандагы канттын көлөмү түшүп кеткендиктен болот. Андай учурда сүт азыктарын, кургатылган мөмөлөрдү, фасоль, кара нан жегенге аракеттениӊиз.

Калориясы аз азыктарды колдонуӊуз

Андай азыктарды организм сиӊириш үчүн бир топ калорияны жумшай турган азыктар десек болот. Мындайча айтканда, азыктарды жеп ток болосуз жана арыктайсыз. Андай азыктарга бадыраӊ, сабиз, деӊиз капустасы, козу карындан май кошулбай жасалган тамактар болсо. Бирок, сиздин ичегиӊиз да жакшы болуш керек. Антпесе, көпчүлүк учурда чийки жашылчалар ичте газды пайда кылып, көптүрөт.

Сагыздан баш тартыӊыз

Эӊ жөнөкөй процесс. Сагыз чайноодо энзимдер бөлүнүп чыгат, анан организм иштетүүчү азыктар ашказанга барбагандан кийин, бир канча убакыттан кийин абдан ачка болгонуӊузду сезесиз. Ачка болгон адам тамакка катуу тоюп алышы мүмкүн. Ошондуктан, тишиӊизди тазалагыӊыз келсе жаныӊызга тиш щеткасын жана тиш пастасын салып алып жүрүӊүз же болбосо тишиӊизди жөнөкөй суу менен чайкап коюуудан өтөөрү жок.

Белок, углевод жана клетчатканы туура бөлүштүрө билиӊиз

Мисалы сиз тарелкага бир порция тамакты сала турган болсоӊуз анын 50%ы клетчаткадан турушу керек, башкача айтканда чийки жашылча жана көктөр, 25%ы белок (балык, эт, козу карын) жана 25%ы углеводдор (нан, дан өсүмдүктөрү). Бирок, майлардан да баш тартпоо керек. Майларда май кычкылдыгы болгону үчүн ал организмге пайдасын гана тийгизет. Бирок, азыраак өлчөмдө. Мындай принцип сиздин тамак сиӊирүүнү жакшыртып, арыктооӊузга көмөктөшөт.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here