Бүгүн, 15-январда Бишкекте «Кыргызстандын мыкты 100 өнүмү» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чараны «Замандаш» саясий партиясы өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган «Келечек 4.0» аталышындагы иновациялык долбоорунун алкагында «Кыргызстандын Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассосациясы» менен биргеликте өткөрдү.

«Кыргызстандын мыкты 100 өнүмү» аталышындагы иш-чаранын максаты эмне?
Өлкөдөгү ишкерлердин бирдиктүү реестрин түзүү, ачык сынак өткөрүп, мыкты делген компаниялардын товарларын чет тилдерге которуп, инвесторлорго таратуу. Долбоордун негизги максаты ата мекендик товарларды экспорттоого көмөктөшүү.
«Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов буларга токтолду:

«Долбоор биздин экспортту кеңейтүүгө багытталган. Ал чакан жана орто бизнести ошондой эле жалпы ата мекендик өндүрүштү колдоого алат. Көз-карандысыз эксперттер тарабынан тандалып алынган ишкерлердин тизмесинен турган жыйнак биздин өндүрүштүк жетишкендиктерди чет өлкөлөргө тааныштырат», — деди Молдокматов.
Бүгүнкү иш-чарага ишкерликтин ар кандай түрлөрү менен алектенгендер келип, өздөрү тууралуу видео материалдарды көргөзүштү. Алар «Замандаш» партиясы демилгелеп жаткан бул иновациялык долборрдун келечеги кең экендигине ишене тургандыгын айтышты.
Эң мыкты деп тандап алынган өндүрүшчүлөрдүн тизмесинен турган жыйнак кайда таратылат?

 

Жыйнак өлкөнүн 7 облусунун 31 шаарына, 453 айыл өкмөтүнө 52 университетке 500 мейманкананы, эл аралык уюмдардын администрацияларынажана Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтерине тартууланат.

Андан сырткары аталган каталогду Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтер менен диаспораларына таратуу пландалган. Каталог атайын журнал сыяктуу болуп жана электрондук версиясында дагы чыгарылат.
Сынакка катышуу үчүн кандай критерийлер каралган?
Компания
Сектор
Долбоорго катышуу үчүн бренддин жана өнүмдүн аталышы
Аталган өнүм Кыргызстандын аймагында сатылышы керек
Кайсыл өлкөлөргө экспорт болот, көлөмү, саны
Сиздин өнүм рынокто кандай үлүшкө ээ
Мурда кандай сертификаттар, дипломдор алынган
Өндүрүшкө кандай сертификация жана сапат стандарттары киргизилген.

Эгер, сиз ушул талаптарга жооп берсеңиз, төмөнкүлөрдү тастыктаган болосуз:
Компания жана соода белгилери Кыргызстанда катталган;
Кыргыз жарандарынын үлүшү компаниянын уставдык капиталынан 20% кем эмес
Компания салыктарды Кыргызстанда төлөйт
Сынакка кантип катышса болот?
Сиз жогорудагы көрсөтүлгөн талаптарга толугу менен жооп берсеңиз, анда bdegenbaev@gmail.com дарегине «Кыргызстандын мыкты 100 өнүмү долбооруна катышуу үчүн» деп кат жазыңыз.
Байланыш үчүн телефон 0755 00 77 77 вотсап: 0588449984

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here