Замандын жүгүн көтөрүп келаткан «Замандаш» партиясы коомчулук кайдыгер карабай турган маанилүү маселелерди, көкүрөктү жарган көйгөлөрдү көтөрүп, анын чечүү жолдорун да көзгө сайгандай көрсөтүп, ал тургай бул багыттарда иш жүзүндө да жардам көрсөтүп келатканы жалпыбызга жакшы  маалым.  Аталган партия бул ирет  «өйдө тартса өгүзү өлгөн, ылдый тартса, арабасы сынган» биздин экономиканын потенциалын жогорку деӊгээлге чыгарууга бел байлап «Ата Мекендик» өндүрүш ассоциациясы менен биргеликте  улуттук мыкты долбоор баштап олтурат. Эмесе, анын эреже шарттарына төмөндө көӊүл буралы да, баарыбыз колдоого алалы. Анткени, биздин экономикабыз, экономикабызга салым кошуп жаткан ишкерлерибиз мындай долбоорлорго чынында абдан муктаж экени баарыбызга маалым.

2019-жылдын 15-январында «100 мыкты өнүм» улуттук долбоору башталат. Бул иш чара “Замандаш” партиясынын “Келечек 4.0” программасынын алгачкы кадамы. Кыргызстанда биринчи жолу ата мекендик өнүмдөрдүн эң мыктыларынын уникалдуу топтому конкурстук негизде түзүлөт. Каталог 5 тилде, электрондук жана китепче (журнал) түрүндө жазылып, Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын көргөзөт, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөктөш болот.
Аталган долбоор “Замандаш” партиясы жана “Ата мекендик өндүрүшчүлөр” ассоциациясы менен биргеликте иштелип чыгып, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого жана экспортту көтөрүүгө багытталат.
Сизди, инновациялык долбоорду биргеликте ишке ашырууга чакырабыз.
“Ата мекендик өндүрүшчүнү бүгүн колдоо – экономиканын эртеңки туруктуу өнүгүүсү!”

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here