Бишкекте алгач айдоочулар коомдук транспорттун жол киресин кымбаттатуу сунуштап чыгышты. Мэрия бул сунуш боюнча чечим тиешелүү иликтөөлөрдөн кийин кабыл алынарын айткан. Мээриянын маалыматы боюнча жол акыны борбордогу автобус жана троллейбустарда электрондук билет менен 8 сом, эгер нак төлөнсө 10 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда 12 сомго көтөрүү каралып жатат. Эми бул сунушту  шаардык кеңеш карап, чечим кабыл алышы керек болот. Сунушту кароого 3-4 ай кетери болжолдонууда. Эске сала кетсек, буга чейин шаардык мэрия маршруттук автоунаалардын айдоочулары менен жолугушууда жол кирени көтөрүүгө макул экенин билдирген. Бирок ошол эле учурда айдоочулардын айдаган унааларын техникалык абалы, айдоочулардын тартиби боюнча эч кандай талап койгонго жарабады.  Ошентип, шаар мэри Азис Суракматов маршурттук айдоочуларга жакшы көрүнүп, жол акыны көтөргөнү турат. Ал эми карапайым элди, өзгөчө калктын аялуу катмарын уруп да ойногон жок.  Чынында  сындарга эӊ көп кабалып келаткан мэр жалпы коомчулуктун бул сунушту колдойбу, жагабы, жакпайбы деген маселени эске албады.  Мансабына чиренип, көзү тумандап тургандай…

Ал эми 45 депутаттан турган шаардык кеӊештин депутаттары Суракматовдун сунушун колдоого алышыбы, же артка кайтарышабы, аны убакыт көрсөтмөкү. Элди ойлосо эл өкүлдөрү деле элге кыянатчылык кылышпастыр…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here