Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов акыры кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотту. Коомчулукта, ЖМКда ага карата сын көп айтылгандыктан улам, айласы жок Исанаевди иштен кетиргенге мажбур болду окшойт. Жамангулов: “ циркти укмуш гүлдөтө турган менеджерди чет өлкөдөн болсо да алып келем” –деп оолугуп, аттуу-баштуулардан акыл сурган экен. Алар министрдин андай  “акылы” суу кечпей турганын түшүндүрүп айтышкандан кийин, цирктин жамааты сунуштап жаткан талапкерлерге макул болуп, муюп жатыптыр. Буга чейин цирктин жамааты директордук кызматка  32 жаштагы цирк артисти Аида Акматованы жетекчиликке сунуш кылышкан.  Ал эми орун басарлык кызматка  Чыңгыз деген жигитти,  Көркөм жетекчилик кызматка Тилеков Кайратты көрсөтүшкөн. Ошондой эле цирктин жамааты Исанаев менен бирге анын орун басары Кусейинова Дарыяны да кызматтан алууну талап кылышкан. Министр ал талапка макул болгону менен, азырынча Кусейинованы кызматтан ала элек. Ал ортодо Исанаев Кусейинованы директорлук кызматка ат салыш деп  түртмөлөп жаткандыгы боюнча кеп кетти. Кыязы, Исанаев “менин ишимди орун басарым улантып, мени калкалап  турсун” – деп ниет кылып жатса керек. Учурда укук коргоо органдары Исанаевдин былыктарын   болушунча текешрип жатышат.  14 жылдан берки тоодой үйүлгөн коррупциялык иштери ачык эле көрүнүп турат. Аны кызматтан алып эле тим болуп калбай, жоопко тартуу зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here