Валерий Белоконь деген ат КГБнын маалымат жеткирип туруучуларынын тизмесинен табылды.
Аты-жөнү ушундай эле адам кыргызстандыктарга Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнүн бири деп эсептелген латвиялык ишкер катары белгилүү.
20-декабрда Латвия Советтер Союзундагы Мамлекеттик коопсуздук комитети – КГБнын архивин ачыкка чыгарды. Агенттер, резиденттер жана жашыруун жолугушуулар өтүүчү жайлар үчүн жооптуулардын аты-жөнү, каймана аты жазылган 10 миңдей документ өткөн кылымдын 80-жылдарында топтолгону айтылат.
Анын баары эми Латвиянын мамлекеттик архивинин Интернеттеги расмий сайтында ачык болот.
Валерий Белоконду кыргызстандыктар 2010-жылга чейин арам акчаны адалдоого аралашкан деген “Манас” банкынын мурдагы жетекчиси деп билишет. Ал эми Англиянын түндүк-батышындагы 140 миңдей киши жашаган Блэкпул шаарындагылар аны жергиликтүү футбол клубунун мурдагы президенти катары таанышат.
Белоконь азырынча интернетте тарап жаткан маалымат тууралуу комментарий бере элек.
Булак: Азаттык