Бүгүн «Замандаш» саясый партиясы жана анын төрагасы Жеӊиш Молдокматов жалпы элдин купулуна толо турган дагы бир жакшы жөрөлгөнү ишке ашырганы коомчулукка жагып турат. Аталган партиянын төрагасы Жеӊиш Молдокматов бир күн мурун социалдык баракчалар аркылуу коомчулукка мындай чакырык менен чыккан:

«Жакшы ишке атаандаш бололу!
-Ар бир үй бүлө Жаңы жылды күтөт, анткени бул үй-бүлөөлүк майрам эмеспи. Бул күнү дасторкондун үстү эң жакшы даярдалып, балдарыбыз бул күндү чыдамсыздык менен күтөрү талашсыз. Бирок, кээ бир мүмкүнчүлүгү жетпеген үй- бүлө майрамдык дасторкон эмес, күнүмдүк тамакка жетпей турат. 2018-жылга карата Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы калктын 26% катмары жакыр деп маалымдайт. Демек, 6 млн элдин 1.5 млн жакыр дегенди билдирет. Ушунун ичинен 0.8% өтө жакыр (60 000 ден ашыгы)
Биз, «Замандаш» саясий партиясы Жаңы жылдык кечени өткөргөндүн ордуна, ал жака кете турган каражаттарга азык түлүк алып, жетишпеген үй бүлөөлөргө таратууну туура көрдүк. )

Мындан тышкары, быйыл бизде кээ бир өнүмдөрдүн баасы түшүп кетти. Көп дыйкандардын маңдай терин актабай үзгүлдүккө учурады. Ошондуктан биз, ата мекендик өнүмдөрдү сатып алып, көп болбосо да көмөк көрсөткөнгө аракет кылдык.
Андыктан, баарыңыздарга кайрылып өтөбүз. Колдон келишинче биздин дыйкандардын өнүмдөрүн сатып алып, жетишпеген үй бүлөөлөргө тараталы. Баарыбыз Жаңы жылды бирдей маанайда тосолуу, Замандаш! Жаңы жылыңыздар менен!»

Жаш саясатчы мындай билдирүүнү кылып эле олтуруп калбастан, башкаларга үлгү болсун деп,  бүгүн партиянын атынан  жаӊы -жылдык  белектерди ондогон муктаж үй-бүлөлөргө таратышты. Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай,  бир үй-бүлөгө берилген мындай азык-түлүк  (колдонгонуна жараша) жаӊы-жылдын алгачкы айына кенен жетип берчүүдөн экен.

Чынында мындай жардам муктаждар үчүн — чоӊ кубаныч экени талашсыз. Белгилей кетсек, бизде көптөгөн  партиялар, байлар, чиновниктер муктаж үй-бүлөлөргө жардам бермек турсун, аларды такыр унутуп коюшкан. Ал эми  саясатка 15-20-жылдан бери аралашып жүрүшкөн айрым партиялар жаӊы-жылдык белек катары муктаж делген үй-бүлөлөргө бир, эки килограмм конфет-печенье  белек беришип, өздөрүн «баатыр», укмуш «берешен» сезип келишкенин көрүп келатабыз. Андыктан, битиреген байлар «Замандаштан» үлгү алып,  жардамга муктаж мекендештерибизге жаӊы-жылдык белекке күнүмдүк оокат-ашка керектүү өзүбүздөн өндүрүлгөн азык-түлүктөн кенен алып беришсе, Кудайга да, элге да жага турган иш болоору шексиз.

Деги эле, «Замандаш» партиясы мындай кайрымдуулук иштерди  жасоону өздүрүнүн башкы иштеринин бири катары планга киргизип, бекитип алышканы ырас. Ага эл-журт буга чейин көп жолу күбө болуп, көнүп да калды. Эми жаӊырган жаӊы жылда да муктаждарга  көптөгөн жардамдарды көрсөтө берерине ишеним чоӊ.

Төмөндө сүрөттөрдөн  «Замандаштан» жаӊы-жылдык белек алгандар. Биз  алардын аты-жөнүн, жүзүн коомчулукка  жарыя кылбоону эп көрдүк

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here