Курма жемишинин өлкөсү катары Кытай эсептелинет. Аны императордун сарайында кастарлап өстүрүшчү. Ботаникада дагы Diōspyros деген аталышка ээ болгон курма биздин тилге которгондо “Тамактын Кудайы” аталат. Эгерде сиздин колуӊузда саргара бышкан курма турса ал кытай сорту хачиа, ал эми помидорго окшогон кызгылт түсү турса анда ал япондордун фуюсу. Япондор да курманы абдан баалаганы үчүн алар эӊ эле таттуу болгон «Тэнкафубу» деп аталган абдан сейрек кездешкен сортун айдашат. Анын бир даанасы 2000 доллар болгондуктан, андай курманы көптөр жей албайт. Учурда курма жемишинин абдан бышып турган мезгили.

Антибиотиктердин ордуна курма колдонгон дурус

Азыркы мезгил сасык тумоо жана жөтөлдүн убагы болгондуктан ар кандай антибиотиктерджин ордуна күнүнө 2-3 курма жеп койсоӊуз иммунитетти көтөрөт. Себеби, курма С витаминине, бета-каротин жана калийге  бай болгондуктан, жаӊы иммундук клеткаларды иштеп чыгат. Анын курамында катехиндер да көп болгондуктан ал бүйлөнү мыкты тазалай алат. Кош бойлуу аялдар күнүнө 3-4 курма жеп туруусу зарыл. Себеби, курсактагы бала чоӊойгон сайын каны азайган эненин канындагы кантынын саны азайып кетет. Ал учурда курма кандагы кантты гана көбөйтпөстөн, кош бойлуу кездеги көтөрүлүп, кайра түшүп турган кан басымды жөнгө салат.

Шишиктен арылтат

Курманын башка касиеттеринен да шишиктен арылта турган касиетин көптөр биле бербесе керек. Курма табигый диуретик. Айрыкча абдан бышкан курма организмге кереги жок ашыкча сууну чыгарат. Бирок, бөйрөгү ооруган адамдар курманы көп жээрде абайлашы керек. Анан дагы көп ыктыткандар көбүрөөк жесе жакшы натыйжасын берет. Чыгышта ыктытууну айыктырууда, доктурлар курманы көп колдонгула деп кеӊеш беришет.

 

Көздүн көрүүсүн жакшыртат

Курамында В, С витамининен дагы А витамини көп болгондуктан, А витамини көздүн көрүүсүнө өтө жакшы. Айрыкча караӊгыда жакшы көрбөгөндөр курманы көп жесе, кечинде көрүүсү жакшырат.

Тамакты жакшы сиӊиртет

Курма — бул ашказан функциясы бузулган кезде тамак сиңирүүдө таптыргыс азык. Аны ашказан-ичеги жолунун оорулары, ал тургай, ашказан рак профилактикасы үчүн пайдалануу кажет.

 

Косметологияда…

— Чач сынып жатса, тери кургаса, бырыш эрте пайда болсо курма жеш керек. Аны косметикалык маскалардын курамына кошууга болот.

— Курманын 1 аш кашык маңызына 1 жумуртканын агын кошуп аралаштырып, массаны бетиңизге жабасыз. 15 мүнөттөн соң салкын сууга жууп салсаңыз, териңиздин майлуулугу азаят;

— Беттин чарчаңкы көрүнгөн абалын жакшы бышкан курманын маңызын бетке 8-10 мүнөткө коюу жана жууп салуу менен кетирсе болот;

— Жемиштин маңызы менен жумуртканын сарысы аралашкан массаны бетке жаап, 10 мүнөттөн кийин жууп салган ыкма безеткини кетирүүгө жардам берет;

— Курманын 2 аш кашык маңызына 1 аш кашык сметана менен 1 аш кашык быштак менен жакшылап аралаштырып 15-20 мүнөттүк маска жасасаңыз, беттин териси өтө сезимталдуу болбой калат.

Самара САЛАМАТОВА

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here