—Жамин ага, айыл-чарба тармагыбыздын ахыбалына жалпысынан кандай баа бересиз?

 —Айыл-чарба тармагыбыз аксап жатат, абалы оор болуп турат. Көйгөй абдан көп. Биз айыл-чарбасын талкалап алдык да. Талкаланган багытты кайра оңдоо өтө кыйынга турат. Чу дегенде эле жерди элге сатып баштадык. Ошондой эле биз бул маселеге каршы чыгып: “ Жер сатылбасын, ээси мамлекет болушу керек, болгону 49  жылга ижарга берилсин” – деген демилгебизди укпай коюшту да. Казакстанда бир адамдын башына 2 гектар айдоо жери туш келет, Орусияда 1 гектар, бизде түндүктө 15 сотых, түштүктө 5 сотых айдоо жери туш келет. Жайытты эптеп мамлекеттин эсебине алып калдык. 90-жылдары Кыргызстанда 500 чарба бар болчу. Эми ошонун баарын чилдей таратып жиберип, алардын ордуна азыр 3500 майда чарбаларды түздүк. Бирок бир жаман жери майда чарбадан эч кандай натыйжа чыкпайт. Ал күнүмдүк деп гана эсептелет. Азыр майда чарбалардын баарын ирилештирүү керек. Азыр алар бирикпейбиз деп жеке арбайын согуп жатышпайбы. Бириктирүү үчүн бир нече кадамга баруу зарыл. Мисалы: Салыктын бардык түрүнөн  5-10 жылга бошотуу, үрөндү, асыл тукумду арзандатуу, сырттан келген гранттардан берүү керек.

—Сиз ушундай жакшы сунуштарды айтып эле жүрөсүз, бирок өкмөт колдоого албай жатпайбы…

 —Кептин баары ошондо болуп жатпайбы.

—Айыл-чарбасын жетектешкен адамдар тууралуу эмне айтасыз? Чынында алар  айыл-чарба тармагын ушундай оор ахыбалга жеткиришти да…

 —Алар тууралуу абдан көп сөз айтса болот. Ошолордун түздөн-түз күнөөсү менен ушинтип айыл-чарба тармагыбыз талкаланып олтурат. Менин күйгөнүм азыр ушу тапта Айыл-чарба министрлигинде 5000 адам иштейт. Же ишинин натыйжасы жок. 10 пайыз кыскартып жатабыз дешкени менен анысы да толук эмес, майда-чүйдө техникалык кызматкерлерди кыскартымыш этишиптир. Бирок жыл сайын мамлекеттен 2 млрд сом каражат алышат. Кайда барсаң да, айыл-чарба министринин бир адамга бир кеңеш берип, же пайда кылганын укпайсың. Азыр айыл-чарбаны министрлик эмес, эл өзү кармап, өзү жылдырып жатат. Бул министрлик жалган маалыматты топтоп, актанып, калпты айтып эле олтурат. Негизинен 27 жылдан бери ишке жөндөмү жок адамдарды министр кылып дайындай беришти. Азыркы министр Нурбектин да айыл чарба боюнча билими жок экен. Бул кандай эми, ушундай да болобу? Же республика боюнча айыл-чарба министри боюнча адистер  калбай калыптырбы?!

—Бир ирет министр Мурашев сиздин сындарга: “Ошончолук чоң адис болсо өзү көп жыл жетектеген дыйканчылык институтун сактап калат эле го. Ал да талкаланды”- деп жооп берди эле. Чын эле сиз жетектеген мекеме абдан талкаланды беле?

 —Мен ал мекемеде 20 жылга жакын иштедим. Биз ал мекемени совет доорунда чынында абдан гүлдөтпөдүкпү. 12 институтка жеткирдик да. Кийин мен директор катары башкаларга окшоп менчикке бердиртпей, жоготпой сактап калдым. Көпчүлүк институттар өздөрүнүн чарбаларын жоготуп алышты. Мен өзүмдүн кадыр-баркым менен жалпысынан жогоруда айткан 12нин 7син  сактап калдым. Мунун баары азыр  иштеп жатат. Бизде жалпы жонунан институт түзүлүп, иштеп жаткан 60 жылдан бери  айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн  45 түрүн чыгарды. Мен өзүм жетекчи болуп баргандан кийин 15 түрүн жараттым.  Буудай, арпа, жүгөрү, картошка ж.б. Ооба кемчиликтер да бар. Биздин мекеменин милдети  айыл-чарба азыктарынын түрүн чыгаруу. Бирок анын үрөнүн өстүрүү, жайылтуу иши Айыл-чарба министринин милдети да. Ошону аткарбай жатышпайбы. Илгери союз учурунда 37 эле үрөн чарбасы бар болчу. Ошончо эле чарба бүт республиканы гүлдөтчү. Ошонун баарын азыр жоготушуп, азыр алардын ордуна 100дөн ашык дейби, айтор ушунча үрөн-чарба түзүлүптүр. Бирок аткарган иштери көрүнбөй жатпайбы. Мен Мурашевди бул тармакты түшүнбөсө кантип башкарат деп койсом, мага таарынып  жүрөт. Кеп мында эмес, кеп айыл чарбасынын тагдырында болуп жатпайбы. Мына быйыл министр: “Картошканы көп айдагыла. 85 миң гектарга эгилсе жакшы болот. Өзбекстан 5000 тонна алмай болду”- деп күпүлдөп дыйкандардын баарын үндөгөн. Кайран дыйкандар министрдин ал сөзүнө ишенип алып, баары айдашты. Азыр сата албай кыйналып, ыйлап олтурушат. Жок дегенде азык-түлүктөрүн сатууга жардам бериши керек да. Кыскасы, министрликтегилер эч нерсе кылбай олтурушат. Реформа кылганга жарабай жатышат. Ага кудурети да, акылдары да жетпей жатышат.

—Бул тармакка бюджеттен тышкары, сырттан долбоорлор менен көп каражат келет эмеспи. Ошол каражаттар максаттуу пайдаланылып жатабы?

 —Максаттуу, баары сонун пайдаланылып жатат деп айтуу кыйын го. Менин эсимде бар. 15-20 жыл ичинде бул министрликке жок дегенде 600-700 миллион доллар келди. Ушунча акчанын бир тыйына чейин таза сарпталды деп ким кепилдик берет? Эч ким кепилдик бере албайт да. Жыйынтык чыкпай калды. Сурап койгон жок да. Жогорку Кеңеш эмне үчүн сурап койбойт? Мен билгенден азыр министрликке  жылына 50-100 миллион доллар каражат келет экен. Министрлик бул акчаны элге угузбай, ушунчалык катат да. Себеби, жетекчилик, орун басарлары ошол олчойгон акчага байланышып алышкан да. Кагазына кол коюшат, алдыга жылдырышат. Түртүшөт экен. Дагы маалыматтар айтылып жатат, ошондой иштерде коррупциялык элементтер бар деп жатышат. Мына сугат жерлерин өздөштүргөнгө Азия банкынан 60 миллион доллар, таза сууга деп 40 миллион   келген. Бирок ушунча акча келип  жатканы менен  жыйынтык начар болуп жатпайбы. Көмүскөдө уурдалып жаткан каражаттардын бети ачылбай калды. Эч ким жооп берген жок. Эч ким жоопко тратылбай калды. Союз кезде 1 миллион гектар суугат жерибиз бар болчу. Эгемендик алган жылдан бери азайгандай азайып баратат. Жогоруда айткандай  сырттан 60 миллион доллар келип жатса да, азайып жатпайбы. Азыр ашып кетсе, 850  миң гектардай эле сугат жерибиз бар. Мына 60 миллион келсе да, жыйынтык ушундай.

Булак: Багыт.кг

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here