Кечээ, 19-декабрда Кызыл-Кыяда окуучулар мушташып, 9-класста окуган бала мерт болду. Бул тууралуу маалыматты милициядан тастыкташты.

19-декабрда саат 14:00 чамасында Ак-Булак айылынын тургуну, У.Гулматов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучус И.Б. 4-5 классташы болуп, ошол эле орто мектептин 9- классынын окуучуларын талаага өз ара чечишүүгө (разборка) чакырышкан. Ал жакка барган 10-класстын 9 окуучусу жана  9-класстын бир нече окуучулары жолугушкан. 9-класста окуган Э.М.ди 10-класстын окуучусу И.Б. муштум менен көкүрөк тарабына 2-3 жолу урган. Сокку жеген Э.М. жерге кулаган бойдон өзүнө келбей Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Ооруканадан Э.М. каза болуп калгандыгы аныкталган.

3 окуучусу шектүү катары кармалып, убактылуу камакка алынды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, жакында эле Жумгал районунда дагы окуучулардын урушунан  8-класстын окуучусу каза болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here