Ысык-Көл облусунда быйыл картошканын түшүмү жакшы болуп, күзүндө дыйкандар маңдай жарыла кубанып турушкан. Бирок, кубаныч көпкө созулган жок. Себеби, картошканын килограммы алгач 7 сом болуп, анан бат эле 4 сомго чейин түшүп калды. Учурда облусубуздун дыйкандары көңүлдөрү чөгүп, көкүрөктөгү дартын кимге айтарын билбей турган чагы.

Биз Ак-Суу районунун Теплоключенко айылына барып, дыйкандардын абалын сурап келдик. Сатып алчу кардар жок, үйүлгөн картошканы көрүп, аларга кандай жардам берүү керек деген суроонун тегерегинде ойлонбой коё албайсың. Дыйкандар ороо толгон картошканы аралап жүрүп, жаз, жай, күз мезгилдеринде аны өстүрүү үчүн жасаган мээнетин, кеткен чыгымды ойлогондо, эмне кылар айласын таппай калганын айтышат. Фермерлер учурда экинчи нанды сатып алуучу кардарлар жоктугун, ал эми фермерлердин арасында насыя алып, талаага салгандар да аз эмес экенин белгилешти.

«Бир гектар картошканы айдап, чогултууга 50-60 миң сом жөн эле кетет. Ал эми үрөнгө кеткен чыгым өзүнчө. Эң эле арзан үрөн 25 сомдон болсо, көпчүлүк 90-100 сомдук картошканын элита сортторун алганбыз. Керектөөчүлөр күзүндө картошканын баасы 7 сом деп, кийин 4-5 сом деп атышкан. Эки күндөн бери ал баага сатып алган киши да жок. Картошканы сактоочу жайларга май айына чейин коюуга мүмкүн болгон менен, өнүп, сапатын жоготушу ыктымал. Ал эми, ар ким эле аны сактагыдай шарты жок да»,-деп билдиришти дыйкандар.

Теплоключенко айылынын тургуну Актилек Касымалиев: «Мен 80 сотых жерге айдалган картошканы эле далил кылып айтып берейин. Аны күзүндө каздырып, жыйнатып, сактоочу жайга алып киргениме эле 50 миң сом кетти. Жазында дарыны 15 миң сомго сатып алгам. Андан сырткары, аны айдаганы, сугарганы, түптөгөнү бар. Өзүм 25 сомдон эң арзан деген үрөн — «Жэле +» алгам. Картошка тергендердин акысы, күйүүчү май, айтор, санай берсең чыга берет. Биздин түшүмдүн баасы жадакалса аны салган каптын өзүнөн да арзан болуп калды. Ал эми айылыбызда «экинчи нанды» 10-15 гектарлап эккендер да бар. Эсептеп көрсөк, биз пайда таппай эле, чыгым тартып жатабыз. Себеби, биз айдаган картошканын наркы килосу 7 сом болот экен. Биздин бир жыл карап, киреше табабыз деген үмүтүбүз үзүлүүдө. Андыктан, азыр элдин маанайы пас»,-деген оюн ортого салды.

Ал эми Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев: «Биздин райондо 2018-жылы 9200 гектар аянтка картошка эгилип, андан ар бир гектарына 197 центнерден түшүм алынган. Бүгүнкү күндө район боюнча 180 миң тоннадан ашык картошка жыйналды. Биздин анализ боюнча, жылыга 82 миң тоннадан ашуун картошка сатылчу. Себеби, азыр эл үрөнгө маани берип, көпчүлүгү элита сортторун айдашууда. Бирок, анын баасы төмөн болуп жатканы өтө чоң көйгөй болууда. Кайсы жерге барбайлы, кайсы айылдын тургундары менен жолукпайлы, картошка маселеси көтөрүлүүдө. Бул боюнча Өкмөттөн тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы маалым. Бирок, эл күнүгө суроо-талап коюуда. Алар Айыл чарба министрлиги айткан Өзбекстанга картошканы сатып өткөрүүчү 17 фирма биздин аймакка качан келишет деп сурашууда. Мен айыл чарба бөлүмүнүн жетекчисине тийиштүү тапшырмаларды берип, дыйкандарга фирмалар менен сүйлөшүү иштери жүрүүдө деп жатабыз»,-деп билдирди.

Теплоключенко айылдык кеңешинин төрагасы Эрнис Темиров Айыл чарба министрлиги тарабынан күздө берилген убада кышка чейин аткарылбай келгенин айтат. «Ак-Суу району республикабызда картошканын мекени катары бааланып, жаңы чыккан сортторду алып келип, өздөштүрүп, көбөйтүп, ошону элге жайылтуу аракетин көрүп келет. Эл да ошого көнгөн. Техникалардын баары ошого ыңгайлашкан. Түшүмдүүлүк эле эмес, сапаты боюнча да алдыңкы орунда. Бирок, ошол картошканы элеттиктер кайда алып барарын билбей жатат, биз да билбейбиз. Бизден жогоркулар да билбейт. Өкмөт жактан да эч кандай көңүл жубатарлык жооп укпай келебиз. Декабрь келди. Айыл чарба министри телеге чыгып, 10 күндөн ичинде картошканын баасы жогорулайт деди эле. Бир жарым ай болду, жыйынтык жок. Андан сырткары, Президентибиз да министрликке тапшырма берген. Андан бери эмне болуп жатат, эч нерседен кабарыбыз жок. Ал эми, эл күндө айыл өкмөткө, айылдык кеңешке келип, эшик жыртып жатышат. Мен Өкмөткө кайрылат элем. Элдин эмгеги талаада калбашы керек. Азыр картошканын үшүгөнү үшүп, чиригени чирип жатат. Бул маселе тез аранын ичинде чечилбесе болбойт»,-дейт ал.

Ошентип, учурда Ак-Сууда жүздөгөн дыйкандар картошка сатылса, каражат болот деген үмүт менен миңдеген тонна түшүмдөрүнө кардар күтүп жатышат. Бул маселе чечилеби, чечилсе качан чечилет? “Күзүндө үй-бүлөбүзгө киреше кирсе, бир катар маселелерди чечип алалы” деген жазындагы ак тилектер талкаланабы? Элди ойлогон киши барбы? Өкмөт буга эмне дейт?

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here