—ЖКда эки фракция оппозициялык деп эсептелет. Бирок алардын аты эле бар, заты  таптакыр жок экенин көрүп жатабыз. ЖКдан сырткары деле оппозициянын  дымы  билинбей келет. Бул боюнча эмне айтасыз?

 —Оппозициянын үнү акыркы жылдарда эмнеге чыкпай калды? Буга да себептер  бар да. Революциядан кийин оппозицияны басынтуу боюнча ашыкча иш-аракеттер болду. Жогорку Кеӊешке коррупционерлер депутат болуп алат деп туруп, депутаттардын кол тийбестигин алышты. Мына ушундан улам бизнесинен корккон, бир чындыкты айткысы келген бир топ депутаттар унчукпай калды. Ошон үчүн Жогорку Кеӊешке бизнесмен эмес, коркпогон кишилер келиши керек. Тилекке каршы, саясый коньюктура менен алектенгендер көп келип жатат. Буга ким күнөөлүү? Эл дагы анча-мынча тыйынга сатылбай, бир гана татыктууларды тандашы зарыл.

—Бизде көп жылдан бери эле президент, президенттик аппарат баарын башкарат. Өкмөт да, парламент да аппараттын алдында чок баскандай бийлеп келет. Мурунку бийликте деле ушундай болду, азыр деле ушундай. Бул ачуу чындык да. Бул боюнча эмне айтасыз?

 —Тилекке каршы, ачуу чындык экенин моюнга алышыбыз керек. Мындай болбош үчүн парламенттик өлкөгө толугу менен өтүшүбүз керек. Жарым жартылай Конституциялык реформа кылбай, толук реформа кылуу зарыл. Прокуратураны, сотту,  укук коргоо органдарын президент эмес, Жогорку Кеӊеш шайласа эффективдүү болмок. Ошондой эле аларды президентке, парламентке көз каранды кылбай турган институттарды түзүшүбүз абзел. Теӊ салмактуулукту бузулбай тургандай кылып түзүп, калыпка салышыбыз керек.

—Соӊку суроо болсун. Сиз демилгечилердин бири болуп жаткан “Билим берүү” боюнча чоӊ, комплекстүү  мыйзам кабыл алынып, ишке ашкандан кийин эмне өзгөрөт?

 —Көп нерсе өзгөрөт деп ишенсек болот. Бул мыйзам келечекке карай багытталган мыйзам. Өкмөт колдоп берип жатат. Бул боюнча 2,5 жылдан бери  иш жүргүзүп келатабыз. Кудай буйруса, жакынкы арада Жогорку Кеӊеште колдойбуз. Бул мыйзамда биз мектеп окуучуларын милдеттүү түрдө кесиптик билим алуу жагы каралган. Ар бир жаран кесипке ээ болсо ал дагы  экономикабызга салым болуп эсептелет. Билим берүүнү ыктыярдуу кылып койгон үчүн  9 – класстан кийин мектепте да, башка жакта да билим албай калган окуучулардын саны бир жылдары  жогорку чеги 15 миӊге,  акыркы жылы 8 миӊге жеткен. Алардын кесиби жок, орто билими да  толук болбой калды. Акыркы он беш жылдын ичинде  андай окуучулардын саны 200 миӊге жеткен. Мектепте 9-класстан кийин окубайм десе, анда милдеттүү түрдө ар кандай лицейлерде окуп, өздөрүнүн тандоосуна жараша: ашпозчу, сантехник, ширетүүчү, курулушчу  ж.б. эӊ көп талап кылынган кесиптерди тандап алышат.  Бул мыйзамды ишке ашырууга 700 миллион сомдон  ашуун каражат керектелет экен. Себеби, бул мамлекет тарабынан акысыз билим берүү болот. Бирок окуучулар башка кесипке ээ болгусу келсе, контракттык негизде башка лицейлерде да окуса болот. Бул жагы эми тандоого жараша болот.  Бул боюнча коомдук угуулар бүттү. Өкмөт бул мыйзам 2020-жылдын сентябрынан баштап күчүнө кирсе, тиешелүү иштерди аткарууга даяр экенин билдирди. Айта кетсем, мындай мыйзам  менен Таджикстан менен биз эле калдык. Өзбекстан быйыл 25 –сентябрдан тарта бул мыйзамды күчүнө киргизди. Калган мамлекеттерде мындай мыйзамдар эчак кабыл алынган.

Маектешкен: Айбек   ШАМШЫКЕЕВ

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here