—Мирлан мырза, аз күн мурун  келерки жылдын бюджетин кабыл алдыӊар.  Өткөн жылга салыштырмалуу кандай өзгөрүүлөр бар?

 —Биринчиден 3 жылдын бюджетин бир күндө чогуу кароо туура эмес болуп калды. Биз мындай чала иштен баш тартышыбыз керек. Биздин бюджеттин киреше бөлүгү 140 млрд. сомдун тегерегинде, бирок дефицит 20 млрд. сомго жакындап жаткандан кийин, бул чоӊ акча.  Ошон үчүн, керек болсо бир апта болсо да, тереӊ талкуулашыбыз керек эле.  Бюджеттин кээ бир бөлүктөрүн сырттан келе турган гранттардын эсебинен  жабабыз деп пландап коюшкан. Бул жагы туура эмес болуп калды. Документтерди да абдан кыска мөөнөттө алып келишкен. Мурунтан алып келип, жакшылап талкуулап, өзгөртүү керек эле. Жалпысынан быйыл деле чоӊ өзгөрүүлөр жок. Себеби, биз экономикалык ахыбалды тереӊ иликтешибиз керек. 2017-2018-жылдарды салыштырсак Улуттук статистика комитетинин 6 айдагы маалыматы боюнча  тике инвестициялардын көлөмү 33 пайызга төмөндөп кеткен. Тике инвестиция деген-бул мамлекеттин экономикасына ишенимди арттырып турган эӊ негизги ишеним болуп эсептелинет. Ахыбал болсо ушундай болуп жатпайбы. Андан тышкары, капиталдын  сыртка чыгышы да көбөйүп кеткен. Өткөн жылы бизге келген тике инвестициянын көлөмү 600 миллион доллардан ашса, бирок быйыл өлкөбүздөн сыртка чыккан капиталдын көлөмү 700 миллиондон доллар ашып кеткен. Айырмасы 100 миллиондон ашып кетип жатат. Бул каражат минуска кетип жатпайбы.  Бул деген жакшы көрүнүш эмес. Мындан тышкары, быйыл биз Кумтөрдөн 600 миллиондон ашуун каражат албай калдык. Муну биз жакшылап сурашыбыз керек эле. 3 жылдын бюджеттин чогуу карап, шашылыш сурап, жакшы тактай албай калдык.

Кумтөрдөн быйыл 600 миң каражат дивиденттерди албай калдык. Мына ушул сыяктуу маселелер жакшы такталбай калды.

—Өкмөттүн иштеп жатканына 7  айдан ашты. Бул мезгилде премьер-министрге катуу сындар айтылып жатат. Сиз премьердин ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?

 —Премьер-министр өз колунан келишинче аракеттерди жасап жатат. Бирок анын командасына сындар жакшы эле айтылып жатат. Мисалы, Экономика министрин алалы. 2017-жылы биз мыйзам кабыл алып, президент кол койгон. Ал мыйзамдын маңызын жалпак тил менен айтканда биз кабыл алган Салык кодексинин негизинде артта калган региондорго ким ишкана ачса, ал ишкерлер салыктын 5 түрүнөн бошотулмак. Тилекке каршы, 1 5, жылдан  бери бул мыйзам иштеген жок. Бул документ Экономика министрлигинде тастыкталып чыга турган документ болчу. Мисалы, Нарын облусунда экономикалык абалы бир аз  ылдый болуп турган аймак алыскы Ак-Талаа  району да. Мына ошол районду жогоруда айтылган мыйзамга ылайыктап жазып койсок, балким улуттук бизнесмендер 5 түрдүү салыктан бошотот экен деп ошол алыскы районго ишкана ачышмак. Эң кеминде бир ишкана ачылса да, ал жерде жок дегенде 5-10 киши жумуш орду менен камсыз болот. Ушундай эле маселе Таласта,  Баткенде, Кара-Кулжада, Алайкуда ишке кирсе жаманбы. Региондордун экономикасын аздыр-көптүр көтөрүүгө өбөлгө түзүлөт эле го. Экинчиси фискалдаштыруу боюнча мыйзам. Бир аз артка кылчайып карасак, кезинде контролдук кассаларды Айдар Акаев, андан кийин Максим Бакиевдер өз көзөмөлүнө алышып, каалагандай калчап турушту. Азыр кассалык аппараттарды 15 миңге ал деп алдырып жүргөндөр бар. Мына ушундай көйгөйдү жөнгө сала турган мыйзам бүгүнкү күндө күчүнө кириши керек эле. Эми кассалык аппараттарды албай, акчаны түз эле телефон, же компьютер аркылуу жүгүртүүнү ишке ашырсак, көптөгөн каражаттарды үнөмдөп, каражаттардын сарпталышын да ачыкка чыгарат эле. Казакстан ушундай мыйзамды кабыл алганда, жарым жылда далай каражаттар көмүскө экономикадан ачыкка чыккан. Бүгүн биздеги көмүскө экономиканын көлөмүн Дүйнөлүк банк 39 пайыз деп белгилеп жатат. Эгер бул көрсөткүчкө таянып, ИДПнын 39 пайызын алсак, 130-132 млрд. сомдун тегерегинде болот. Расмий эмес маалыматта көмүскө экономиканын көлөмү 50-60 пайызга чейин көрсөтүлүп жатат.  Бул деген бери жагы 200 млрд. сомдон ашуун каражат көмүскө экономикада жүрөт дегенди түшүндүрөт.

—Мына ушунун баары Экономика министри жөнгө салышы керек эле да…

 —Тилек каршы, жөнгө сала албай жатат. Эл эмне үчүн көмүскө экономикага качып жатат? Себеби, бизде салыктардын түрү абдан көп. Санасак, чарчап кетебиз. Соцфондго 27 пайыз салык  деп башталып кете берет. Ушундан улам биз элди көмүскө экономикага качырып жатабыз. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө бардык салыктарды бириктирип, 20 пайыздан ашырбай белгилеп койгон. Андай өлкөлөрдө көмүскө экономика деген жок. Ошондой эле контрабанданын көлөмү да чоӊ болуп жатат. Бул маселе да чоӊ көйгөй болуп турат. Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлүшү зарыл. Тилекке каршы, жетиштүү чаралар көрүлбөй жатат. Бүгүнкү күндө учурда бийликтин ишеним кредити  бар. Эл баары жакшы жагына өзгөрөт деп күтүп жатат.  Мына ошол ишеним азайып кете электе, бийлик, өкмөт эл талап кылып жаткан чоӊ-чоӊ иштерди жасашы зарыл.

—Коррупция менен күрөш тандамал жүрүп жатат деген кеп-сөздөр бекеринен айтылган жери жок. Бул жүйөөлүү кепке кошуласызбы?

 —Биз коррупцияга каршы күрөштү мыйзамга таянган күрөш  деп ишенишибиз керек. Мен  күрөш тандамал дегенге анчалык кошула албайм, бүгүнкү күндө аракеттин  жетишинче  күрөш жүрүп жатат. Анткени, биз кеп айтарда конкреттүү фактылар менен айтышыбыз керек.

—Факты толуп турат го. Кесиптештериӊиз: Акылбек Жапаров,  Искак Пирматов, Музаффар Исаков сыяктууларга козголгон кылмыштын чоо-жайын жакшы билесиз. Факты ашып-ташып  турат. Бирок алар эл өкүлү болуп, элге акыл үйрөтүп жүрүшөт. Ошондой эле, Раиммилион тууралуу да көп сөздөр айтылып жатканын жакшы эле угуп жатасыз… Сиз парламентте коррупция боюнча бакыйган комитеттин мүчөсүсүз. Силердин да бул маселеде жоопкерчилигиӊер жогору. Баарын жашырбай ачык айтышыӊыздар керек.

 —Сиздер билесиздер биз нече комиссияларды түзүп, коррупция боюнча бир топ иш-аракеттерди жүргүзүп келебиз. Айрымдарын айтайын: Мамлекеттик каттоо кызматындагы, жол салуудагы коррупциялык схемаларды ачыктап чыкканбыз. Мыйзам баарыбызга бирдей болушу керек. Мындай иш-аракеттер дагы да улана берет. Ал эми сиз айткан кесиптештерибиз боюнча биринчи кезекте укук коргоо органдары маалымат берип, бааны бир гана сот  бүтүм чыгарышы керек. Бирок биз резонанстык иштер боюнча мыйзам бузган соттордон, тапшырык менен иш аткарган укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрүнөн кутулбасак, коррупцияга каршы күрөш ойдогудай жүрбөйт. Бул маселеге элдин да ишеними төмөн болот. Андыктан, коррупцияга каршы күрөшүү маселесине жакшылап көӊүл бурушубуз абзел.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here