—Акылбек мырза, алгач экономикабыздын ахыбалы боюнча маалыматтарды  кыскача айтсаӊыз?

 Быйылкы жылдын сентябрь айына чыгарылган көрсөткүчтү алсак, ИДПнын көлөмү 368 млрд. 352 миллион сомго жетти. Өсүш, 1,02 пайыз. Бул “Кумтөрдү” кошкондо. Былтыр ушул убакта  4, 03 пайыз өсүү болгон. Бул көрсөткүчтөр ар ай сайын өзгөрө берет. Ал эми көмүскө экономиканын көлөмү 24, 5 пайыз. Акыркы жылдары мына ушул көрсөткүчтүн тегерегинде болуп келатат. Мен эми ар бир тармак боюнча маалыматтарга токтолбой эле, орчундууларын айтайын.

Экспорттун көлөмү болсо  быйылкы жылдын  9 айга болгон көрсөткүчү боюнча 98,4 пайыз болду. Импорттун көлөмү болсо 111,3 пайыз.  Бирок ЕАЭБге кирген өлкөлөр ичинде пайыздык көрсөткүч түшүп кетти. Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында ички дүң продуктунун көлөмү 474,5 млрд. сомду түзүп,  өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 3,1 пайызга жогорулады. ИДПнын түзүмүндө эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келди, ал анын жалпы көлөмүнүн 45 пайыздан көбүн, өнөр жай — 19 пайызды, айыл чарба — 13 пайызды жана курулуш 8 пайызды түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 2018-жылдын. январь-ноябрында 428,8 миллиард сомду түздү жана 3,2 пайызга өстү.

Өнөр жай боюнча айтсак, 2018-жылдын январь-ноябрында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 4,9 пайызга төмөндөшү пайдалуу кендерди казуунун  7,8 пайызга, ошондой эле баалуу металлдарды өндүрүүнүн 2,2 пайызга өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өндүрүштүн көлөмү 8,4 пайызга өстү. Электр энергиясын өндүрүүнүн жана берүүнүн өсүшүнүн эсебинен электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуунун көлөмү 2017-жылдын январь-ноябрындагы деңгээлинен 4,6 пайызга жогорулады.

—Сиздерге жыл, же айлардын  жыйынтыгын чыгарып жатканда, же башка учурда жогорку бийлик тараптан  “көрсөткүчтөрдү бир аз көрсөтүп койгула” деген көрсөтмөлөр болуп  турат деген кептер көптөн бери эле айтылып келатат. Бул боюнча эмне айтасыз?

 —Андай көрсөтмөлөр эч качан болбойт. Эгер оңдоло турган болсо биздин маалымат менен ( кайсы тармактан кандай маалымат келсе, ) маалыматтар эки башка чыгып калат. Муну текшерип коюш азыр оңой эле. Мындай иштин жоопкерчилиги абдан чоң. Бир мисал айтайын. Бизден козголгон иштер, сотко кеткен, кыскартылган иштер боюнча маалыматты коопсуздук кеңеши сураганда, биз мыйзамга таянып, аларга бербей койдук. Себеби, купуялуулук боюнча мыйзам бар да. Биз ошону так сактаганга аракет кылабыз.

—Улуттук статистиканын ишин жакшыртуу боюнча мыйзам долбоору көптөн бери ЖКда талкууланып келатат. Бул боюнча учкай айтып берсеӊиз?

 —“Расмий статистика” деп аталган комплекстүү  чоң мыйзам көптөн бери  ЖКда каралып жатат. Буга чейин ЖКнын 8 комитетинде талкууланды. Кыскача, маңызы мындай:  мыйзам  кабыл алынгандан кийин биз  министрлик  — мекемелерден алган маалыматтарды биринчи булагынан баштап алып калабыз. Буга чейин отчётту  даярдап туруп, берип коюшчу да. Эми ал мыйзам кабыл алынгандан кийин, базага толук кирип,  маалыматты  башынан баштап топтоп калабыз. Ошондо биз чогулткан маалыматтардын сапаты да кыйла жогорулайт. Мындан тышкары,  мекемелер үчүн да отчёт тапшыруу оңой болуп калат. Бул мыйзамды талкуулоодо, 2-3 депутаттан Улуттук статистика комитетинин төрагасын  7 жылга  Жогорку Кеңеш тарабынан  шайлашсын деген сунуш болду. Эми бул маселе кандай чечилет, убакыт көрсөтөт.

—Өткөн жылы Кыргызстанда айлык акы 14 миӊ сомдон  ашык деп маалымат бердиӊер эле. Быйыл болсо 15700 сомдон ашуун экендиги айтылды. Анан эми бул маалыматка элдин төбө чачы тик туруп, “ой мен 6-7 миӊ сом эле алам, булар кайдагы цифраны айтып жатат?” деп нааразы болуп жатпайбы. Ушул 15 миӊден ашык сумма кайдан келип чыкты?

 —Эми бул 15700 сом деген 2018-жылдын октябрына чейинки 10 айлыгы болуп жатат. Бул сумма негизинен мындай эсептелинет. Ай сайын орточо айлык чакан ишканаларды кошпостон эсептелип чыгарылат. Мисалы үчүн, биздин улуттук статистика комитетин алсак мен 23300 сом айлык алам. Кызматкер дагы 15 миӊдин  тегерегинде, техничкалар 5-6 миӊдин  тегерегинде алса ошонун баарын кошуп,  эсептеп чыгып туруп анан орточо айлык чыгарылат. Кыргызстан боюнча ушундай ыкма менен эсептелинет. Бул жерде көп айлык алган ишканалар бар. Мисалы,  көп айлык алган финансы, ортомчулук, жана камсыздандыруу  чөйрөсүндөгү кызматкерлердин айлыгы 32 миӊ сом, маалымат жана байланыш тармагындагылардыкы 31 миӊ сом, пайдалуу кен казуу тармактарында иштегендердики 28-29 миӊдин тегерегинде, аба менен камсыздандыруу чөйрөсүнүн бир кызматкеринин орточо айлыгы 28-29 миӊдин тегерегинде болуп жатат. Ошолордун ар бирин  эсептеп чыгып туруп орточо айлык чыгарылат. Ошондо биздин бүгүнкү 10 айга карата орточо айлык 15752 сом чыгып жатат.

—А бирок иш жүзүндө жогоруда айтылгандай турмушта андай болбой жатпайбы. Бул эми экономикалык жактан элди алдоо эмеспи?

 —Жок, андай эмес. Мисалы, бизде иштеген техничкада: “мен 5-6 миӊ сом эле алам” деген түшүнүк болушу мүмкүн. Эми бул жерде мындай да. Мисалы үчүн, мен 23 миӊ сом алсам, бул жерде стажысы көп  30-40 жыл иштегендер бар. Алардын кээ бири 30 сомго миӊге чейин алат. Эми ушундай суммалардын баары эсептелип туруп орточо айлык чыгарылат да. Дүйнөлүк практикада орточо айлык ушундай жол менен эле эсептелинет.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here