Кечээ, 9-декабрда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы «Ынтымак» спорт ордосунда волейбол боюнча мелдеш өтүп, эки айылдын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Анын кесепетинен Беш-Терек айылындагы мектептин 8-классынын окуучусу каза тапты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

«Эки мектептин окуучуларынын ортосунда чыр чыккан. Анда үч-төрт бала кыжылдаша кетишип, эшикке жөнөшкөн экен. Андан соң бир бала чуркап келип, спорт залдын ичиндеги чоң балдарды сыртка ээрчитип чыгыптыр.

Ал балдар барышса 8-класстын окуучусу дем албай калган экен. Учурда Жумгал РИИБде 9 бала, мугалимдер жана ата-энелер сурак берип жатышат. Ал эми каза болгон бала өлүк сактоочу жайда», — деди күбөлөрдүн бири Мурат.

Жумгал РИИБдин тергөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы бул маалыматты тастыктап, учурда тергөө иштери жүрүп, сурак болуп жатканын билдиришти.
Буга чейин 2015-жылы 19-сентябрда Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылындагы Султан Турусбеков атындагы орто мектебинин окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбек каза болгон эле.
Маалым болгондой, 11-класстын окуучулары тыныгуу учурунда кенже класстардын окуучуларын мектептин жертөлөсүнө алып кирип, салык салган. Салык салгандар каза болгон окуучунун жүрөк тушуна катуу сокку урган.
Булак: .turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here