Учурда Бишкектеги КыргызДрам театрында  «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» деген темада уюштурулган курултай өтүп жатат. Курултайга  19 партиядан 239 адам, 28 коомдук жана жарандык уюмдан 358, ардактуу коноктордон 90 адам жана 28 журналист чакырылганы маалым болду.  Курултайга бийликтен президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келип катышууда. Бул курулатайга буга чейин бийликтин арк айсы бутагында иштеген эски саясатчылар да көп келишкен. Элге коррупционер катары да кеӊири танылган саясатчылар да сөз алып, элге акыл айтып жатышкан учуру. Бул курултайды «Азаттык»  түз алып көрсөтүп жатат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here