—Нурбек мырза, сиз ушул айда эле мандат алып, депутат болуп келдиӊиз. Алгач окурмандарга биз жаӊы депутатты тааныштыруу иретинде, өзүӊүз тууралуу айтып бергениӊиз талапка ылайык болот го…

 —Мен мандатты Акылбек Жамангулов “Мегакомго”  жетекчи болуп кеткенден кийин, жакында эле алдым. Токтогул районунун Жаӊы-Жол айылынан болом.  Өзүм “Республика-Ата-Журт”  партиясында тизмеде токсонунчу болуп жазылгам. 2015-жылы биздин партиядан депутаттыкка  ат салышкан жүздөн ашуун талапкерлер чогулуп алып: “Тизмеге карабайбыз, ким  көп добуш алса, ошол адамдар мандат алат” – деген сүйлөшүү болгон. Бирок иш жүзүндө андай болбой калды. Кудайдын буйругу экен, үч жылдан кийин депутат болуп келдим. Жалал-Абад облусу боюнча РАЖ шайлоодо жалпысынан 60 миӊден ашуун добуш алган,  анын ичинен биздин Токтогул району 4-орунду камсыздаган. Ошондо биздин эсеп менен Жалал-Абад облусунан 6 талапкер мандатка ээ болмок. Мен болсо Токтогулдан биринчи орунду камсыздагам. Эл ошондо да мени жакшы колдоп, батасын берген. Депутат болгондон кийин, 9-ноябрда кичи мекениме барып элдин батасын алып, жер-жерлердеги чечилбей жаткан көйгөйлөрдү угуп, өзүбүзгө элдин тапшырмасын алып, ыраазычылык угуп келдик. Эл дагы бир ирет батасын беришти.

—Буга чейин кандай жумуштарда иштедиӊиз?

 —Көбүнчө жеке ишкерлик менен, тагыраак айтканда курулуш тармагында алектенип келдик. 2014-жылдары  бир жарым жыл Токтогул районундагы мамлекеттик деп эсептелген Токтогул райондук атайын фондду жетектегем.Бул  убакыт мен үчүн чоӊ тажрыйба болду. Эл менен аралашып, чоӊ көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылдык.

Андай мамлекеттик фонддор башка райондордо жок да. Окурмандарга ал фонд кандайча түзүлгөнүн  учкай айта кетсеӊиз?

—Кыргыз элине белгилүү болгондой Токтогул ГЭСи курулган жер ал райондун борбору болгон. Жашоого ылайыктуу түптүз жер болгондуктан, бир топ айылдардын эли  илгертен жашап келаткан. Бирок союз кезде бийликтин өкүмү менен ошол жерде жашаган элди күч менен тоо этектетип кайрак жерге көчүрүп салышкан. Ошентип ал доордогу бийлик жалпысынан 33 миӊ гектар жерге кыргыз элинин бирден-бир сыймыгы болгон Токтогул ГЭСин курган. Союз учурунда Кетмен-Төбө районун гүлдөтөбүз, бардык маселесин чечип беребиз деп бир топ акча бөлүнгөн. Ошол акчадан Бүргөндү массиви курулган экен. Бирок ал акча толугу менен тиешелүү  багытка иштетилбей калыптыр. Мындайча айтканда, үлгүрбөй калышкан. Кыскасы, жогоруда айткандай 33 миӊ гектарга кенемте катары ушул райондогу ар кандай көйгөйлөрдү чечип турсун деген ниетте ушул фондду түзүшкөн. Мен жетекчи болуп келгенде бул фонддогу акча 43 миллион сом болчу. Биз бир жарым жыл аралыгында тынымсыз иштеп, бир топ иштерди аткарууга  үлгүрдүк десем болот. Мисал катары, айрымдарын кыска айтсам, Шопок айылында 800 гектар жерге суу чыгарганбыз. Бүгүнкү күндө эл ал жерди колдонуп, үзүрүн көрүп жатат. Андан тышкары, бир катар курулуштарды куруп, жолдорду оӊдогонбуз. Бүгүнкү күндө Токтогул атайын фондунун бюджети 70 миллион сомго жетти.

Район үчүн 70 миллион сом оӊой акча эмес. Азыр аталган фонд бир топ көйгөйлөрдү чечип жатса керек. Жетекчисине эл нааразы эмеспи?

 —Натыйжалуу иш алып барып жатат деп айтууга болбойт. Себеби, эл нааразы. Мен жакында эл менен жолугуп келгенимде да ушул фонддун ишмердүүлүгүн бир топ сынга алып, нааразычылыктарды билдиришти.  70 млн. сомго эмне иштер жасалып жатканы боюнча так маалыматтар жок болгондуктан, көпчүлүк бул фондду жоюп эле салган дурус деген да пикирлерди айтышууда. Бул фондго чынында арыздануу, дооматтар көп болуп жатат. Үй-бүлөгө эле кызмат кылып жатат деген да кинелер айтылды.  Жетекчиси Чотоев Таалай. 2009-жылдары Токтогулда  аким болуп иштеген инсан.

—70 миллион сомдун 7 тыйынына чейин тыкыр иликтеп койсо болот. Бул эми анчалык оор иш эмес да…

 —Туура, ар бир тыйынына чейин эсептелиши керек. Мен элдин талабын аткарайын деген максатта атайын фонддун ишмердүүлүгүн, аткарган ишин, кеткен каражаттарынын багыттары боюнча маалыматты сурап атайын фондго кат жөнөттүк. Эми жоопторду алсак, биз да эл үчүн тиешелүү иштерди аткарабыз. Себеби, бул фонд жогоруда айткандай 33 миӊ гектар жерге кенемте катары түзүлгөн фонд. Ал 33 миӊ гектар жөн эле жер эмес. Ал суу алдында канча деген ата-бабаларыбыздын сөөгү калды. Ошондой эле тарыхчылар айткандай эмне деген маданият сууга чөктү. Азыр көпчүлүк адам өзүнүн бала чагын, баскан-турган жерине, өскөн жерине барып ырахаттанып эстейт. Ал эми Токтогул районунда орто муундан жогорку адамдар антип балалыгын эстей алышпайт. Себеби, алардын балалыгы өткөн жер суу алдында калды. Мына ушул сөздөрдү биздин агаларыбыз зээни кейип айтып жүрүшөт. Ошондуктан мындай маселе жөн калбай турган маселе эмес. Талапка ылайык, көзөмөл болушу зарыл.

Токтогул районундагы чечилбей жаткан кандай көйгөйлөр бар. Эл сизге кайсы көйгөйлөрдү айтышты?

—Көйгөй аз деп айтууга болбойт. Бир топ эле чечилбей келаткан көйгөйлөр бар. Бирок мен эӊ алды кылып социалдык имараттардын курулуштарын айтсам туура болот го. Мектеп, бала бакча маселеси азыр бүт республика боюнча чоӊ көйгөй болуп жатпайбы. Мындай көйгөйдөн биздин район дагы куру эмес. Мисалга, бир, экөөнү айта кетели. Өзгөрүш деген айылдагы мектеп 1957-жылдары курулган экен. Пайдубалы илгеркидей таштан тургузулган. Азыр бул мектептин жедеп эскилиги жетип, жарактан чыкты. Бул боюнча ӨКМдин да атайын бүтүмү чыккан. Ага чейин ал мектептин бир бөлүгү кулап калган. Кудай сактап, эч ким жабыркаган эмес. Бирок жаӊы мектеп курулбагандыгына байланыштуу болбой эле айылдагы окуучуларды окутуп жатышат. Окуучулардын саны 800дөн ашык. Бир корпус мектепке батпайт. 3 смен менен, мектептин кайсыл класстары бош болсо, коридорлорго, мугалимдердин бөлмөсүнө чейин окуп жатышат. Керек болсо эшикке чатыр, боз үй тигип окутуп жатышкан. Азыр кыш келгенде кайра эски мектепке киргизишти. Мындай абалдагы мектепте окуган балдардын билим деӊгээли боюнча  сөз деле кылбай койсок болот. Жаӊы мектеп куруу боюнча да тиешелүү тарапка кат жөнөттүк. Ушул сыяктуу эле Торкен айыл өкмөтүндөгү Шамыров атындагы орто мектептин да  абалы жогоруда айткан мектептикиндей эле. Бул мектеп боюнча да кайрылуу жолдоп жатабыз. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү айтып олтурсак, көп эле.

Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here