Өткөн жума этегинде “Түндүк электр” АККсынын башкы директору Искендер Кадыркулов журналисттер менен жолукту. Искендер мырза, бул жолугушууну бейформал форматта уюштуруп, жакында эле белгиленген басма сөз майрамы менен журналисттерди куттуктап, алардын берген айрым суроолоруна ачык жооп берди.

—Искендер мырза, алгач кышка болгон даярдык маселеси жана жалпы эле сиз жетектеген “Түндүк электронун” жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп салып берсеӊиз?

—Босогобузга кирип келген кышка биз колдон келишинче даярдык көрдүк. Кудай буйруса свет өчүрүүлөр болбойт. Чоӊ кырсык, авариялардан Кудай сактасын дейли. Биз элде ар дайым электр жарык жана жылуулук болуп турсун деген тапшырманы так аткарууга бар аракетибизди көрүп жатабыз. Менин “Түндүк электрону” башкарып жатканыма 6 жылдан ашып калды. Бирок ортодо келип – кеткен учурлар болду. Мен 2012-жылы жаӊы жетекчи болуп келгенде абал азыркыдай эмес такыр башка болчу. Көйгөйлөр көп болчу. Биздин энергетикабыз саясатка аралашып кеткен. Ошон үчүн бул тармак оор. Бирок ошого карабастан бир топ жетишкендиктер болду. “Акылдуу эсептегичтерге” жалпысынан 1,5 миллиард сом кеткен. Биз ал акчаны 3,5 жылда жоготуулардын эсебинен кайра кайтарып алдык. 6 жыл мурун “Түндүк электродогу” жоготуунун көлөмү 23, 5 пайыз болчу. Бүгүнкү күнкү көрсөткүч 12,2 пайызга жетпейт . Башка ишканаларга салыштырмалуу биздин көрсөткүчтөр жакшы. Бир пайыз жоготуу биз үчүн 50 миллион сомдун тегерегинде айланат. Биздин “Түндүк электро” Кыргызстандан чыккан электр энергиянын 54 (ар бир айда өйдө-төмөн өзгөрүүлөр болуп турат)пайызга чейинкисин Чүй, Талас облустарына, Бишкек шаарынан бөлүштүрүп берет. Борбор шаарыбызга ал 54 пайыздын 25 пайызы кетет. “Акылдуу эсептегичтер” боюнча эл арасында ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Бул боюнча 2 жылда 1, 5 миӊге жакын даттануу болду. Биз анын баарын комиссия түзүп алып текшерип, талапка ылайык чара көрдүк. “Акылдуу эсептегичтин” артыкчылыгы көп. Азыр анын баарын айтып олтурбайын. Муну жалпы эл түшүнүп турат. Бирок ошондой болсо да, элдин арасында анча-мынча адамдарга жакпайт экен да. Бизге караштуу 21 миӊ чакырымга созулган электр чубалгыларыбыз бар. Бизде 550 миңден тегерегинде абонент бар.

Ал эми 300 миӊ столба (опора) бар. Баары теӊ жакшы деп айткандан алысмын. Мына ошол 300 миӊ столбанын 150 миӊи жыгач, эски столбалар. Биз алардан 15 миӊ столбаны которуп жатабыз. Азырынча мына ушул маселеге мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Калганына физикалык жактан жетишпей турабыз. Бирок акырындык менен баарын жаӊыртуу иштери талапка ылайык жүрө бермекчи. Биз кышкы мезгилге азыр 100 пайыз даярбыз. Майда –чүйдө, чоӊ ремонттордун баарын жасадык. Азыр он айдын жыйынтыгын чыгардык. Баардык көрсөткүчтөр боюнча 100 пайыз болду десем жаӊылышпайм. Элге рахмат азыр электр энергиянын акысын 100 пайыз төлөп берип жатат. Чынында абоненттерибиздин акы төлөө маданияты көтөрүлдү. Мындан тышкары, 10 айдын ичинде эски 40 миллионго жакын каражат чогулттук. Ал акчаларды жаӊы техника сатып алууга, тиешелүү жерлерге талапка ылайык оӊдоо, жаӊыртууга жумшап жатабыз.
Жетекчилик тараптан коррупция каршы күрөш кандай жүрүп жатат? Себеби, электр энергия тармагында коррупциянын көлөмү чоӊ экенин жалпы эл жакшы эле билет эмеспи…

—Жетекчилик тараптан кандай чара көрүү талап кылынса, ошонун баары теӊ талапка ылайык көрүлүп жатат. Биринчиден коррупциянын көлөмүн азайтууга “Акылдуу эсептегичтерди” орнотуу иши чоӊ салым болуп жатканын баса белгилеп кетким келет. Биздеги 550 миӊ абоненттин 250миӊине “Акылдуу эсептегичтерди” койдук. Жаӊы конуштарга, чоӊ-чоӊ обьекттерге ж.б. койдук. Ал эми көп кабаттуу үйлөргө кереги жок. Ал үйдө жашагандар электр энергияны уурдай алышпайт. Акыры алты жылда коррупциялык чоӊ иштер болгон жок. Бирок баары сонун, таптаза деп айта албайм. Мыйзамсыз иштер менен, азыраак көлөмдөгү пара менен кармалгандар анда-санда болуп жатат. Андай учурлар дароо ЖМКга чыгып жатпайбы.

Булак: Багыт kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here