Искендер мырза, акыркы учурларда электр энергиянын баасын көтөрүү керек деген маселе өкмөттө, Жогорку Кеӊеште көп эле көтөрүлүп жатат. Бул маселеге карапайым эл абдан каршы экенин жакшы билесиз?

— ТЭЦтен өндүрүлгөн 1 килловат 3 сом болуп кетет. Ошол килловатты элге  тыйындан сатып жатат. Биз болсо Улуттук энергетика түйүндөр  станциясынан  бир килловатты 19 тыйындан сатып алабыз. Ал эми станциядан 60 тыйындан алабыз. Баары биригип 79 тыйын. Жоготуулар кошулганда бул баа дагы өсөт.  Жайында бизге 5 тыйын да акча түшпөйт.  Күн сууктап, кыш келгенде эл электр энергияны көп колдоно баштайт. Ошол учурда төлөм көбөйөт. Электр энергиянын баасын көтөрүш керек, же көтөрбөш керек деген суроо – бул саясий маселе. Мамлекет  бул маселени энергетика компанияларынын өзүнө жүктөп койбой өзү дотация  жасашы керек го. Мисалы, керектүү жабдыктарды жаӊыртуу ж.б. маселелерге каражат бөлүп, тиешелүү чара көрсө…

Кызматкерлериӊер  канча айлык алышат. Ошондой эле сиздин айлык-маянаӊыз канча?

 —Менин негизги айлыгым 32 миӊ сом. Эми буга кошула турган каражаттарды айтайын. 600 сом илимий даражам үчүн, “көп жылдык эмгек” деп айлыктын 60 пайызы кошулат, андан тышкары, “кипиай”  (ар бир айдын көрсөткүчүнө жараша) деген бар, андан да  15 миӊ сом  кошулуп  турат. Ошону менен айына 70-75 миӊ сом алам. Жөнөкөй кызматкерлер кошумчалары менен 22 миӊден иштегенине жараша 28 миӊ сомго чейин алышат. Ал эми күн-түндөп жер казып оор жумушта иштегендер 40 миӊ сомдун тегерегинде айлык алышат. Ал эми программисттерибиз  да 40 миӊ сомго чейин айлык алышат. Өзүӊөр билесиӊер, андай адистер башка жерлерде миӊ доллардан жогору алышат.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here