Адам баласынын жашоосунун уланышына анын туура тамактануусу өтө жогору таасир этет. Туура, бүгүнкү күндө ачкадан өлгөндөр байыркы замандарга караганда өтө аз десек болот. Азыр тескерисинче, ашыкча салмактан арыла албай ар кандай арыктатуучу дары- дармектерди, чөп-чарларды ичип, спорт залдарга байма-бай барышууда. Ашыкча семирүүнүн бирден бир себеби болуп да туура эмес тамактануу болот. Туура эмес тамактануунун айынан канчалаган онкологиялык, ичеги-карын, жүрөк кан тамыр, тери оорулары, кан басымынын жогорулап же түшүп кетүүсү, урологиялык, неврологиялык оорулар пайда болуп жатканы бир жагынан өкүндүрсө, экинчи жагынан олуттуу ойлонто турган маселе болуп калды. Жакын арадагы дүкөндөрдө, супер-гипермаркеттерде, базарларда сапаты начар азык-түлүктөр, кириешки, чипсы деген балдарды азрыгуучу азыктар, ар кандай боёктор кошулган таттуулар, трансмайлар (кайра иштетилген майлар, ден соолукка кооптуу) кошулган вафли, таттуу токочтор ж.б. азыктар. Сыртынан карасаӊ жегиӊди келтиргени менен, алардын ден соолукка абдан терс таасир тийгизээрин баарыбыз эле билгенибиз менен өзүбүздүн, балдарыбыздын ден соолугуна кайдыгер мамиле кылганыбыз аркылуу келечек муундун алсыз болушуна абдан чоӊ салым кошуп жатабыз. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыӊдоо борборунун адистери билдиргендей учурда кыргызстандыктардын 23,1%ы ашыкча салмактуулук менен жабыркашса, 26,9%ы туз көп колдонбой, 74%ы жашылча-жемиштерди колдонушпайт. Андан тышкары кош бойлуу энелер витаминдүү эмес тамактанып жаткандыгына байланыштуу энелерде аз кандуулук көп катталууда. Балдар органдарынын дефектиси менен төрөлүп, иммунитети төмөн болуп, неврологиялык оорулар да жаӊы төрөлгөн балдардын арасында абдан эле көп болууда дешет адистер. Кадимки эле йоддун жетишсиздиги мээнин өспөй калышына алып келсе, фолий кычкылдыгынын жетишсиздиги баш мээсинин кемтиги, баш мээсинин тамырларынын алсыздыгы, баш мээсинде суунун көп өлчөмдө болуусу жана грыжага алып келет. Ал эми А витамининин жетишсиздигинен улам жаӊы төрөлгөн балдардын арасында чарчап калуулардын саны көбөйүүдө. Ден соолугу чыӊ эне – ден соолугу чыӊ бала төрөйт эмеспи, анан коомубуз, келечек муунубуз ошого жараша калыптанып, ошого жараша алдыга жылабыз.

Тамакты өз убагында ичпей коюу ашыкча салмакка алып келет

Дени сак болуу үчүн эӊ негизги өз убагында, рационалдуу- май (койдун, малдын майы, пахта, семечка майы, каймак, сары май ж.б) углевод (нан, макарон, мөмө- жемиш, шириндиктер ж.б) белок (эт, балык, жумуртка ж.б) 1:4:1 тендик өлчөмүндө пайдаланыш керек. Ар бир тамактануунун аралыгында курсагыңыз ачса, жер-жемиш жеңиз. Күнүнө 2 литрден кем эмес суусундук ичип туруу шарт. Себеби, организмден күнүнө эки литр суу ар кандай жолдор менен сыртка чыгып турат. Аны толуктап турбаса, суунун жетишпегендигинен ден соолук начарлап, тез чарчап, кан айлануу бузулат. Эртең мененки тамакты сөзсүз ичүү зарыл, бул маалдагы тамакты убагында ичпей коюу адамдын толуп кетишине алып келет. Шекерди пайдаланууну мүмкүн болушунча азайтыңыз. Анын ордуна чайга бал кошуп ичкениңиз пайдалуу. Шекер кошулган таттуу азыктардын ордуна таттуу жер-жемиштерди жеңиз.

Өз убагында тамактанбоо, (20-35 жаштарда кездешет)-гастрит, ашказан-ичеги жарасы, анемия, ж.б оруларга алып келет, ошондой эле ишке, окууга кызыгуусу жоголот. Ашыкча майлуу, куурулган тамактарды пайдалануу (35-55жаштарда) — өт толуп (холецистит), кант диабети, ашыкча салмакка алып келет.

 

Майдан баш тартуунун кереги жок, болгону…

Организм белок, углевод жана май менен толукталып турат. Ошондуктан, майдан таптакыр баш тартуунун кажети жок. Организмдеги майдын жетишсиздиги нерв системасынын, ошондой эле боордун, өттүн иштөөсүн начарлатат. Андыктан, аз өлчөмдөгү майды ар кандай нерселерге кошуу аркылуу пайдаланыңыз. Күнүнө 600 граммдан кем эмес жер-жемиш жеген эрежеге ылайык. Балыктан жасалган тамакты жок дегенде жумасына бир жолу жегенге аракет кылыӊыз. Сүт азыктарын сөзсүз пайдаланыңыз. Ар кандай дан менен сүт боткосун жасап ичиңиз. Боткого 1 кашыктан бал кошуп койсоңуз өтө пайдалуу. 8. Ооздогу тамакты кеминде шашпай 20 жолу чайнап, майдалап жеңиз. 9. Бир порция тамагыңыз өзүңүздүн муштумуңуз менен бирдей болушу керек.

Ошондой эле адам тамакты шашпай, узак чайнап жегени жакшы, ашказанга түшкөн  тамак 20 мүнөттөн кийин канга түшөт, ошондо адам тойгонун сезе баштайт, адамдар тез, шашып жеп алганынан керектүү өлчөмдөн ашыкча жеп алып, семирүүгө алып келет. Ар бир ашыкча 1кг =2км кан тамыр керектелет, алардын барына кан жеткирүүдө жүрөккө күч келип, жыйынтыгында 50-60жашта жүрөк оруларына алып келет.

 

Кандай тамактар ден соолукка зыян?

Газдалган суусундуктар, химиялык жол менен даярдалган азыктар, чипсы, тез даярдалчу тамак аштар ж.б. Ачуу, кычкыл, туздуу тамактарды көп колдонуу-ашказан, ичеги жарасы, омурткаларда туздардын топтолушу, радикулит, полиартрит оруларына жол түзөт.

 

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here