Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы орточо айлык акынын өлчөмү 15 752 сом (226 доллар)  экени боюнча маалымат таратты. Өткөн жылдагы орточо айлык акы 14 800 сом болчу.  2018-жылдын май айындагы эл аралык уюмдардын маалыматында Борбор Азиядан Казакстанда орточо айлык 480 доллар, Түркмөнстан 320 доллар, Өзбекстан 235 доллар, Кыргызстанда 220 доллар, Тажикстан 110 доллар деп эсептелген.Ал эми  дүйнөлүк рейтингдин сап башында Швейцария, Норвегия жана Люксембург турат. Аталган өлкөлөрдөгү орточо айлык  3,5 миң доллардан жогору. Ал эми биз жакшы билген АКШда 3 120 доллар, Орусияда 615 долларга жетет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here